Грузин археологдору Кароол дөбөнүн этегиндеги казуу иштерин улантып жатканын кечээ кечинде аталган жерде болгон жергиликтүү кабарчыбыз тастыктады. Буга дейре Талас облусунун губернатору Байымбет Мураталиев менен өлкө президентинин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев бул жердеги казуулар убактылуу токтотулганын билдиришкен эле. Президенттин кеңешчиси «Азаттыкка» берген маегинде муну казуу иштери белгисиз имараттын дубалына жеткенине негиздеп, ал 3200 жыл мурдагы имараттын дубалы болушу мүмкүндүгүн болжолдогон. Жарандык коом өкүлдөрү болсо бул казууну өлкөнүн тарыхый-маданий байлыгын талкалоо катары баалашууда.(SM)