Улуттук банктын маалыматына ынансак, быйыл жарым жылда коммерциялык банктардын кредит баштыгы 62% көбөйүп, акчага которгондо ал 18 ашуун миллиард сомго жетти. Ал эми кредиттин жылдык үстөк пайызы үчтөн төмөндөгөнү маалымдалууда.
Бишкек шаар тургундары Лаура менен Чынара чоң базарлардын биринде соода кылышат. Экөө тең соодасын кеңейтип, ишин илгерилетүүгө куштар. Тек, изги тилек, илгери үмүттү ишке ашырууга колдун жукалыгы, каржынын аздыгы тоскоолдук кылууда. Лауранын айтуусунда, ушу тапта иш жасагысы келгендердин текши баары эле кредит алышка кызыкдар.
- Кредит деген азыр чынында ар бир экинчи кишиге керек. Ким бизнес ачат, ким курулушту баштайт? Бирок азыр кредиттердин үстөк пайызы абдан кымбат. 20, 25, 30% болуп кетип жатат. Бизге мүмкүн болсо 10 – 11% болсо жакшы болор эле. Элдер кредит алалбай жатышат.
Анын курбусу Чынара деле ушундай эле ойдо. Чынаранын айтуусунда, коммерциялык банктардын үстөк пайызы дагыле арбын бойдон калууда.
- Үстөгү аябай эле көп болууда. Азыр болсо доллар менен бербей калды. Жалаң эле сом менен берип жатышат. Ошол сом менен үстөк пайызы 21 – 25% болуп кетип атат.
Азия Универсал банкынын жетекчиси Михаил Надель өткөн жылга салыштырмалуу кредиттердин үстөгү 3% арзандаганын мисалга тартып, кредит алуучулар жылдан-жылга көбөйүп баратканын айтты.
- Кардарлар келип аткан соң үстөк пайызы анча деле оор эместигин билсе болот. Орточо алганда өткөн жылга салыштырмалуу үстөк пайыз үчкө азайды. Биздин банктын жылдык кирешеси 20% аз, демек ал кредиттердин жылдык үстөк пайызын 20%дан арзан берип жатат.
Кыргызстан банктар биримдигинин жетекчиси Анвар Абдраевдин пикиринде, ушу тапта берилип жаткан кредиттердин үстөк пайызы анчалык деле көп эмес. Коммерциялык банктардын кредиттеринин үстөк пайызы арбын, ал эми банктарга коюлган депозиттердин пайызы өтөле аз деп эч ким айталбайт.
- Депозит менен кредиттин ортосунан чыкчу айырма болжол менен 4 – 5% түзөт. Анын ичинен банк алчу таза киреше 2 –3% гана түзөт. Бул анча деле көп акча эмес.
А.Абдраевдин ырасташынча, салыштырмалуу жана абсолюттук сандардын ортосунда айрым бир айырмачылыктар болушу мүмкүн. Бул жагынан алганда Кыргызстандагы банктар менен орусиялык же казакстандык банктар ортосунда кредиттин үстөк пайызы боюнча олуттуу айырмачылыкты табыш кыйын.
Улуттук банктын төрагасы Марат Алапаев банк боюнча мыйзамдын негизинде коммерциялык банктар кредиттин үстөк пайызын өздөрү коюшарын ырастап, аларга бул жаатта эч кандай көрсөтмө бере алышпастыгын билдирди.
- Ошондуктан алар кардарларды көбүрөөк тартыш үчүн өзүнүн номиналдык пайызын азыраак көрсөтүп коет да, андан тышкары башка комиссияларды алат. Буга, мисалы, укуктук кызматты, документти толтурууну, дагы башка шылтоолорду таап коюшат.
Орусиянын Борбордук банкы коммерциялык банктар кредит берүүдө кардарларга реалдуу үстөк пайызын так көрсөтүү зарылдыгын милдеттендирген буйрук катын чыгарган. Кыргызстанда бул маселени ыраатка салуу аракети азырынча жасала элек. Банктар кредитинин жылдык үстөк пайызынын акчаны кайтарууга келгенде көбөйүп кетиши айрым банктарга абадан эле акча жасоого мүмкүнчүлүк берүүдө.