Бул өлкөдөгү жарандык согуш аяктагандан 10 жылдан кийин болууда. Миссиянын аякташына байланыштуу Дүйшөмбү шаарында өткөн аземде миссия башчысы Владимир Сотиров тынчтыкты жана туруктуулукту калыбына келтирүүдө БУУ тажик эле менен бирге болгонун билдирди. Тажик тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи болсо миссиянын ишин «ийгиликтин мыкты үлгүсү» деп баалады.1992-97-жылдардагы жарандык согуш өлкөдө миңдеген адамдардын өмүрүн алып, экономикага олуттуу зыян келтирген.