Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:54

АКШда ИРИ КӨПҮРӨ УРАДЫ


Нарын АЙЫП, Прага 1-август күнү кечинде АКШнын Миннеаполис шаарындагы көпүрө урап түшкөндөн онго жакын адам набыт кетти жана алтымыштай киши жараат алды. Шаар бийликтеринин айтымында, террордук аракеттин белгилери жок.

Окуя Миннесота штатынын Миннеаполис шаарында болду. Миссисипи дарыясынын үстүнөн 1967-жылы курулган көпүрө кечки саат алтыдан беш мүнөт өткөндө урады. Миссисипи - дүйнөдөгү эң чоң дарыялардын бири, көпүрөнүн узундугу 581 метрге жеткен жана ураган кезде анын үстүндө элүүдөн жүзгө чейин машине болгон, алардын кеминде элүүсү 20 метр бийиктиктен сууга кулап түштү.

Көпүрө үстүнөн машинелер бир нече катар менен жүрө алат, бирок окуя болоорго бир нече күн калганда куруучулар көпүрөнү оңдоо иштерин баштаган, ошондуктан, айрым маалыматтарга караганда, анын бардык катарлары иштеген эмес. Кечки алтыда көптөгөн адам жумуштан үйгө кайтып келаткандыктан, көпүрө машинелерге жык толгон жана алар өтө жай айдалып бараткан. Андан тышкары, бул көпүрө аркылуу - түндүктөгү Канададан түштүктөгү Мексикага чейин жеткен чоң жол өтөт.

Көпүрөнү оңдоо иштери негизинен түнүчүн жүргүзүлгөн жана шаар бийликтеринин айтымында, андай иштер көпүрөнүн жалпы коопсуздугуна таасир тийгизе албайт болчу, бирок экперттер азыр аны дагы текшерип жатат.

Көпүрө ураганда, анын үстүндө бир мектеп автобусу жана бир нече жүк ташуучу машине да болгон, автобус сууга түшпөй, көпүрөнүн урандыларынын биринин үстүндө калган, анын ичиндеги 30 жаш баланын баары аман куткарылды.

Кырсыкка учурагандарды куткаруу иштери дароо башталып, түнү бою уланды. Кеминде тогуз адам өлгөнү тууралуу айтылууда, бирок шаардын өрт өчүрүү департаментинин башчысы Жим Клэктин айтымында, курсыкка учурагандардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн, анткени сууга түшкөн бардык машинелер табылды деп айтуу азырынча эрте:

"Биздин билишибизче, көпүрө ураган мезгилде анын үстүндө кеминде 50 машине болгон, бирок алардын саны андан алда канча көп болуп да чыгышы ыктымал. Алтымыштан ашык адам жергиликтүү ооруканага жеткирилди. Алардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн ", - дейт Клэк. Көпүрө алдындагы суунун тереңдиги 18 метрге жетет, ошондуктан айрым машинелер алыска агызылып кеткени да ыктымал.

АКШнын Ички коопсуздук министрлигинин айтымында, кырсыкка террордук аракет алып келгени тууралуу азырынча эч маалымат жок. Миннесота штатынын губернатору Тим Поулентинин айтымында, көпүрөнүн техникалык абалын штаттын унаа департаментинин атайын комиссиясы акыркы жолу 2006-жылы текшерген жана тынчсыздануу үчүн эң негиз тапкан эмес.

Анткен менен 2001-жылы өткөрүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында жазылган отчетто - көпүрөнүн негизги темир устундарынын бири чирий баштаганы тууралуу жазылган. Ал отчетто - темир устундар бир-бирине ширетилген жерлердин биринде эле жарака кетсе, маселе чыгышы мүмкүн деп айтылат. Андан тышкары, көпүрө аркылуу өткөн сегиз катар жолдун негизги бөлүгүн эки гана темир устун кармап турганы дагы опурталдуу деген сөздөр бар.

Миннеаполистин полиция бөлүмүнүн башчысы Тим Доландын айтымында, шаардын башка көпүрөлөрү дагы азыр текшериле баштады.

XS
SM
MD
LG