Бул тууралуу фестивалды уюштуруу штабынын директору Юруслан Тойчубеков маалымдады. Анын айтымында, ушул тапта талап кылынган иштин жарымы аткарылды. Жалпысынан кинофорумду өткөрүү үчүн сегиз миллион доллар сарпталат. “Фестивалдын бардык катышуучуларына төшкө тагыла турган медалдар тапшырылат. Балким алар күмүштөн жасалат”,-деп кошумчалады Ю. Тойчубеков. Биринчи Ысыккөл кинофестивалы 3-сентябрда башталып, алты күнгө созулат. (ZMa)