Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:20

15:45 Ноокат райондук ооруканасынын жаңы башкы дарыгери Мамет Жалалов кызматынан алынды


30-июлда кызматынан алынган Ноокат райондук ооруканасынын башкы дарыгери Махамад Эгембердиевдин милдетин убактылуу аткаруу кызматы анын орун басары Мамет Жалаловго жүктөлгөн эле. Бирок М. Жалалов кан куюу борборун башкарып турганда кетирген айрым бир калпыстыктары үчүн кызматтан алынды. 4-августта Ош облустук клиникалык ооруканалар бирикмесинин жетекчиси Токтомамат Абдымомунов Ноокат районунун ак халатчандар жамаатына жаңы жетекчи, башкы дарыгердин милдетин убактылуу аткаруучу Ахмадали Тойчубаевди тааныштырды. Аксакал пенсия жашында. Ноокат районунун акиминин орунбасары Жумагүл Ураимованын айтымында, жакынкы күндөрү бул орунга атаандаштык негизде шайлоо жүргүзүлмөкчү.
Ноокат райондук ооруканасынын мурдагы жетекчиси Махамад Эгембердиев саламаттыкты сактоо министрлигинин Ошто өткөргө көчмө жыйынында СПИД дартынын аймакта жайылышына жол койгондугу үчүн кызматынан алынган.(AT)

XS
SM
MD
LG