Мындай билдирүүнү Адам укуктары боюнча Хельсинки федерациясы менен Адам укуктары боюнча кыргыз комитети таратты. «Демократ» коомдук уюмунун ондон ашык мүчөсү 30-июлда АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин алдына пикет уюштурушуп, Антитеррордук аба-аскерий базанын Кыргызстанда жайгашышына тилектештигин билдиришкен. Пикеттин жүрүшүндө жергиликтүү милиция кызматкерлери уюмдун жетекчиси Турсун Исламдын уулу Алишерди кармап, милициянын буйругун уккан жок деп, сотко берген. Сот Алишер Исламга беш күнгө камак жаза чектеген. Алишер жазасын өтөп, эки күн мурда камактан бошонгон. (BuS)