Ички иштер элдик комиссары (НКВД ) Н.Ежовдун колу коюлган №00447-буйрук 1937-жылдын 5-августунда чыгыптыр. Ал буйрук СССРдин Элдик Комиссарлар Кеңеши менен Борбордук Аткаруу Комиссариатынын жашырын токтому негизинде чыгыптыр. Ал токтом, кийин 1953-жылдын 1-сентябрына чейин күчүндө кала бериптир.
Ошондуктан 1954-жылы Н.Хрущевдун талбынан улам саясий кине менен абакта жаткандар эсебин чыгаруу болгондо СССРдин Башкы прокурору Р.Руденко: «1921-жылдан тартып социалистик ыңкылапка каршы жасалган кылмыштары үчүн 3.777380 киши соттолгон. Алардын ичинен 642980 киши жогорку чарага, 2.369220 киши 25 жылдан төмөнкү мөөнөттөгү абакка жана 765180 киши өлкөнүн ичинде сүргүнгө кесилишкен» - деп жазат.
«Мемориал» анализчиси Ольга Ракутько жазганга караганда: «Ежовдун тушундагы кез сталиндик элге кызылдай кыргын, кара сүргүн салуунун эң ырайымсыз кези эле. Маселен бир эле Маскөө обулусунан төрт айдын ичинде 5 миң киши аттырылган. Тергөө жөнөкөйлөштүрүлгөн түрдө үч кишинин алдында жүргүзүлчү. Анын артынан ошол эле жерде өкүм ишке ашырылып турган»
Маскөөдөгү Социалогиялык илимдер институтунун жетекчиси Игорь Чубайс айтканга караганда, коммунисттик режимден элдин тарткан азап-тозогун дайыма эстеп жүрүү арзырлык. Ошон үчүн ким-кимге:
«ГУЛАГды даңазалоого, сталинчиликти даңазалоого жана советтик мамлекетти даңазалоого тыюу салуу керек!» - дейт.
Сталиндик жаагы катуу бийликтин запкысын азыркы кыргыздардын ичинен улуу мууну да тарткан. Ага-тууган, ата-баба, таяке-жээндерибиз советтик режим саясий кысымына кабылышкан. Ал биздин көзгө басар интеллигенциябыздын уюткусун чочуткан. Кармалып кеткендер арасынан аман кайткандары аз болгон.
Ал апаатка учураган залкарлар: Тыныстанов, Бектенов, Байжиев, Карасаев, Токомбаев, Рахматуллин, Юдахин… жана башкалар болушкан. Кызык жери партиянын атка минерлери да запкы жеп, саясий кысымга учурашкан. Арасында - Айтматов, Раззаков, Мураталиев… ж.б. болушкан.
Франс-пресс агенттиги, 5-августа Карелия жумуриятынын чакан Медвежьегорск калаасында өткөн аза күтүүгө совет бийлиги саясий айып тагып аттырган 7 миңге чукул кишинин сөөгүн кайра көмүүгө колкабыш этишкен жаштардын катышканын жазган.