Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:46

17:59 Кыргызстан аялдары саясий партиясы Ысыккөлдө уюмдарын ача баштады


ЫСЫККӨЛ. 2005-жылы Кыргызстандагы аялдар чогулуп, адегенде коом болуп уюшулуп, кийинчерээк эмне үчүн саясий партияга айланганын түшүндүргөн партия лидерлеринин бири Чынара Сейдакматова Ысыккөлдүн райондорун кыдырды. Каракол, Тоң, Чолпоната шаарында болгон жолугушууда ал буларды белгиледи: - Обон баштаган ажылдаган аялдар чыгып кыйкыра баштаганда түштүктөн интелигенттүү аялдар биригип алып, уят го, түштүктүн аялынын бети карарып, имиджи бузулуп атат, жакшы нерсе баштайлы деп аялдар кеңеши ачылган. Өкмөт көңүл бөлүп сүйлөшө тургандай болуш үчүн партияга айланганбыз. Чынара Сейдакматованын айтуусунда, “Кыргызстан аялдары” партиясынын облустук штабы Түп районунда уюшулду, учурда ага 200дөй мүчө тартылды. Ал эми Тоң, Чолпоната, Каракол шаарында баштапкы уюмдар иштеп атат. (RB)

XS
SM
MD
LG