Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:53

10:03 ШКУ саммитине байланыштуу Бишкекке каттоого чектөөлөр киргизилди


Бул тууралуу Ички иштер министри Болотбек Ногойбаевдин Кыргызстандын калкына кайрылуусунда белгиленди. Кайрылууга караганда, мындай кадам ШКУнун Бишкек саммитинин катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо максатында жасалууда. Саммит учурунда «Манас» аэропортунан баштап Чүй проспектиси – «Манас» көчөсү – Мамлекеттик резиденция багытындагы транспорттук каттамдар чектелет. Буга байланыштуу эс алуу максатын көздөп келген коноктор бараткан багытына Бишкек шаарын айланма жол аркылуу баруу каралган. Министр кайрылууда ошондой эле расмий коноктор жүрүүчү жолдордогу соода түйүндөрүн спирттик ичимдиктерди сатпоого, шаардыктарды жана конокторду документтер менен жүрүүгө менчик жана мамлекеттик автоунаалары барларды автоунаа каттамдарын азайтууга чакырды. Коомдук тартипти сактоого 5 миң ички иштер,200 МАИ кызматкерлери тартылууда. (BuS)

 

XS
SM
MD
LG