Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:26

19:10 Баткенде Ош шаарынын тургуну бангизат менен кармалды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат- катчысы Дамира Юсупова 15-августта маалым кылды. Оперативдүү кармоо мезгилинде, Тажикстандын Баткен району менен чектеш Чорку айылынан Баткен шаарына 1 киллограмм 300 грамм маңзатты алып бараткан жеринен Ош шаарынын тургуну, эч жерде иштебеген Таалай Акматов кармалган. Учурда бул окуя боюнча ички иштер кызматкерлери тарабынан кылмыш иши козголуп, иликтөө жүргүзүлүүдө. Ал эми маңзат менен кармалган Таалай Акматовдун “Азаттыка” берген маалыматы боюнча, аны Ош шаарынын Махмуд аттуу тургуну, маңзатты Тажикстандан Ош шаарына чейин жеткирип берүү кызматы үчүн көп суммадагы акча төлөп берүү шерти менен жалдаган. (SA)

XS
SM
MD
LG