Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:54

ОРУС ӨКМӨТҮ УЛУТЧУЛДУКТУ ШЫКАКТАП ЖАТАБЫ?


Баян Жумакадыр кызы, Прага Орусиянын ички иштер министрлиги өткөн апта соңунда интернетке чыккан видеотасманын артында кимдер турганын издеп жатат. Эки мүнөттүк тасмага дагестандык жана тажикстандык жигиттердин өлтүрүлүп жатканы тартылып алынган. Орусиянын маалымат каражаттарында бул видеонун артында кимдер турат, алардын максаты эмне, андай тасмаларды интернетке чыгарууга жол берүү керекпи же жокпу, деген суроолор талкууланууда.

Орусиянын орус тилдүү блогу Яндекстин маалыматына караганда, чуулгандуу видео азыр Орусияда эң кызуу талкууланып жаткан тема. " Живой журнал" деген сайтта биринчи болуп жарык көргөн тасмада дагестандык жана тажистандык эки кишинин мыкаачылык менен өлтүрүлүп жаткандыгы көрсөтүлгөн. Орусиянын интернет сайттарын көзөмөлдөп жаткан СУП компаниясынын өкүлү Антон Носик, улутчулдук маанайдагы тасманы биринчи болуп чыгарган «Живой журналга» каршы эч ким чара көрө электигин билдирди.

- Интернетте алдын ала цензура жүргүзүү албетте мүмкүн эмес. Адамдар ага өзүлөрү туура деп туйганды жазып, туура деп тапкан материалдарды чыгара беришет. «Живой журналда» жарыялоого тыюу салынган нерселердин тизмеси бар, мисалы анда этникалык жек көрүүчүлүктү, ар түрдүү улуттарды кемсинткен материалдарды таратууга болбойт, бирок, киши өлтүрүүнү чагылдырылган видеотасмалар жөнүндө анда эч нерсе айтылган эмес,- дейт Носик.

Сөз болуп жаткан видеодо токойдогу бакка колу-бутунан байланып, чөгөлөп отурган эки киши тартылган. Үчүнчү бир киши келип алардын бирөөнүн башын кесет. Дээрлик бир мүнөт созулган бул кадрлардан кийин экинчи киши башына ок жеп, жаңы казылган орого кулап түшөт. Андан соң маскачан киши өлтүргүчтөр улутчулдарча ишарат жасашат. Туткундардын артында фашисттик элементи бар туу тартылып турду. Видетасманын этек жагында Россиянын Улуттук Социалисттик Партиясы деген жазуу жазылып турду.

«Сова» деген көз караандысыз байкоочу топтун башчысы Александр Верховский мындай топ тууралуу мурда укпаганын, бирок, жазуу чындыкка окшоп турганын айтат.

Орусияда интернет провайдерлер сайттардын мазмунуна көз салып туруулары керекпи деген маселе азыр маалымат каражаттарында кызуу талкууланып жатат. Бирок «Экстремалдык жагдайдагы журналистика» борборунун башчысы Олег Панфилов Орусия ага милдеттендирген мыйзамды кабыл алууга даяр эмес, деген пикирин айтат.

- Мындай фильмдердин жайылуусуна жол бербөө үчүн интернетке албетте көз салып туруу керек. Бирок бийлик идеологияны толугу менен көзөмөлдө кармап труган Орусия сыяктуу өлкөдө мындай чара көрүү мүмкүн эмес. Бийликтер аларга каршы жүргүзүлгөн аракеттердин баарына тыюу салат,- дейт журналист ашынган улутчулдукту тымызын шыкактоодо өкмөттүн да үлүшү бар экенин кыйытып.

XS
SM
MD
LG