Шанхай келишими уюмунун жетекчилиги бул жолу өткөрүлгөн согуштук көнүгүүгө Кошмо Штаттары баш болгон батыштык мамлекеттер өкүлдөрүн чакырбай койгон. Буга кошумча кечээ иши байыган машыгууну анализчилер дегеле ШКУ пайда болгондон берки алгач ирээт өткөрүлгөн эң ири согуштук машыгуу дешет.
Маселен, ШКУ уюшулган 2001-жылы бир гана чегара коопсуздугу каралганын айтышат. Андан берки алты жыл ичи ар жыл өтчү саммиттерде экономика гана эмес коргонуу маселеси ортодогу кепке айланды дешет. Ошого карабай бул жолку Бишкекте өткөн олтурумда көч башындагы кеп кайра да коопсуздук жагдайга оогонун белгилешет. Андай маанай олтурум үстүндө Владимир Путиндин «ШКУ алканыдагы өлкөлөр жеринде дайыма буга окшогон көнүгүүлөр өткөрүп туруу» сунушунан улам жаралганын айтышат.
Ар кайсы агенттиктер белгилегендей орусиялык лидердин Бишкек саммити тушунда коопсуздук маселесине көңүлүн катуу бурушунун жөнү бар болгон. Ал туурасында орусиялык көз карандысыз согуштук эксперт Виктор Боронец айтат. Эмне дегенде Орусия кийинки учурда НАТО менен мамилесин бузуп алды. Ошондуктан Маскөө эми анын батышка да чыгышка да карап кулач жайышын тыйып, аны токтотчу күч издөөдө. Андай күчтү ШКУга мүчө өлкөлөрдүн согуштук күчүн бириктирип гана жете алмакчы. Андыктан Кремлдик кожоюн оозеки дүйнөлүк коомчулук алдында террорчулукка каршы күрөшүп атабыз дегени менен иш жүзүндө мындай дейт:
- Мунун баары кой терисин жамынуу, анын алдындагы чыныгы максат - согуштук кошуун уюштуруу маселеси.
Батыштык анализчилер пикирине келсек, Шанхай уюмуна мүчө өлкөлөрдүн аскерий танабы согуштук-саясий топ түзүп ал анан АКШ менен НАТОго каршы багытталат. Маскөө менен Бээжин дымагы - Борбор Азияны колдон чыгарбоо дешет. Шанхай келишими уюмуна мүчө мамалекеттер лидерлери болсо андай пикирди ататтырышпай: биз биргелешип террорчулукка анан маң заттарга каршы күрөшүп атабыз дешет.
«Бостон Глоб» гезитине чыккан макалада, маселен мындай деп жазылат:
-Тегеранды, ядролук программасынан улам АКШ тизгиндеп, эч бир топко жолотпой атканда ШКУнун кучагын жайып Иранды чакырып алышы – ал топтун Вашингтонго карата жасаган дагы бир кыр көргөзүүсү болду.
Аскерий машыгуунун жүрүшүнө келсек, ага Владимир Путин абдан ыраазы болгон. Мамлекеттик сыналгы аркылуу айткан кебинде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер ымаласы барган сайын жакындаша бере тургандыгын белгилеген:
- Машыгуу - биздин, бардык мамлекетер ортосундагы алаканы чыңдоого карата болгон дагы бир кадам болду.