Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

ОРУСИЯДА МЫНДАН 16 ЖЫЛ МУРДА ГКЧП ЧЫККАН


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусияда мындан 16 жыл мурда мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети болгон. Ал ГКЧП деген ат менен уюшулган. Юрий Левада борбору жүргүзгөн сурамжылоо боюнча ошол 19-августта чыккан путчту басуу өлкөнүн демократиялык жолго түшүшүнө түрткү болду дегендер эсеби азыркы учурда 10 пайызды түзгөн.

Орусиянын чукулку тарыхында жыл сайын август жаңырганда элдин эсине келчү 1991-жылкы ГКЧП окуясы бар. «Перестройканын» атасы Михаил Горбачевду көл жээгинен эч жакка жылбагыдай кылып салып, Кремлде калган анын ишенген кишилери төңкөрүш уюштурган.

Анын баянын жандыра келгенде окуя кыйла опурталдуу болгонун көрөбүз. 19-августтун таңында Маскөөгө 4 миң аскер, 362 танк, 427 брондуу машине жана БМП киргизилиптир. Алардын артынан дагы кыйла күч Ленинград, Таллин, Тбилиси жана Ригадан ордо калааны карап жолго чыгат. Аны билбесе да жүрөгүндө сезген Борис Ельцин жаатындагылар менен бирге олтуруп Орусиянын атуулдарына кайрылуу жазат. Ошондон кийин маскөөлүктөрдүн «Ак үйдү коргоо» демилгеси жаралып, элдин көчөгө чыгуусу башталат. Түшкө жуук (11:30) эл агымы суудай толкуп Ак үйдөн чыгып анан Кремлди карап жөнөйт...

Андан соң эки күнгө созулган кармаш жүрүп демократиялык башталыш тушоосун кесип аткан күч ордо калаанын 16 жерине баррикада же тосмо курушуп, көчөлөрдө жүрүп калган танк менен БТРдин кайсы бирлерин курчап алып карыш жылдырбоо ишин жүргүзүшөт. Азыркы эсепте, маселен, 19-21 августтар арасында Ак үйдү коргоо дымагы менен көчөгө чыккандар эсеби 70 миңге жеткен.

19-августта эл орунга отуруп калганда (10:00) Советтер Союзунда башталган коогалаңга кабатыр экенин билдирип АКШнын 41-президенти Жорж Буш жарыя таркатат. Ал кезде Советтер кучагынан кутулуп чыга албай атышкан, азыр Орусия чукулку чет өлкөлөр деп атап калган республикалардын бири - Кыргызстан да ал жолу Маскөөдөгү төңкөрүш жасоо аракетине либералдык билдирүү жасаган.

Ал эми өз өлкөсүндө темирдей режим орнотушкан Саддам Хусейн, Ясир Арафат, Муамар Каддафи, Слободан Милошевич сыяктуу лидерлер ГКЧПны уюшкандарга колдоо көргөзүп билдирүү жасашкан.
Ал кармашты башынан өткөргөн РСФСР Жогорку Советинин жетекчиси Руслан Хасбулатовдун пикири боюнча СССРдин таркашына ал кездеги саясий кармаш түрткү болгон. Ошонун бир мисалы ГКЧП окуясы:

«ГКЧПдан кийин кайсы бир жумурияттарды бөлүү иши иргелүү мүнөздө эле. Аларды бийликке каршы турган топ күн мурунтан сүйлөшүп анан ишке ашырышчу. Бөлүү ишине жумурияттын калкы катышчу эмес. Аны бийликтеги же бийликке чукул тургандар тандалган тобу жасачу. Азыр дүйнөдө кызматташуу түркүмдөлүп уюшулат. А биз болсо кубаттуу түркүм Советтер Союзун жоготтук. Ушунун өзү ал өлкөнүн ыдырашына экономика эмес саясий жагдай себепчи болгонун көргөзүп турат».

Кызык жери, ал жолу президент Горбачевдун «ядролук үкөкчөсүн» көтөрүп жүрчү адъютанты ГКЧП жетекчилигинин тилин алып, «ядролук үкөкчөнү» көтөрүп алып Маскөөгө учуп кеткен…

Ошондон улам анализчилер чөйрөсү ал жолу өлкөнүн коргоо министри же Генштаб жетекчиси Жогорку башкы буйрук берүүчүнүн жардыгысыз эле ядролук куралды колдоно алмак, дешет.

XS
SM
MD
LG