Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:44

БИЙЛИК МЕНЕН ОППОЗИЦИЯ БИРИ-БИРИН УГАБЫ?


Маектешкен Төрөкул Дооров Адам укуктарын коргоо боюнча президенттин алдындагы комиссиянын жетекчиси Турсунбек Акун жакында президент менен жолугушуп, сентябрда бийлик менен оппозиция ортосунда диалог уюштурууну сунуш кылды. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” эки күн мурда билдирген. Учурда бийлик менен оппозиция ортосунда алака кандай жана диалог кайсы принциптердин негизинде түзүлүшү мүмкүн? Саясат таануучу Карыбек Байбосунов ушул маселелер боюнча “Азаттыкка” маек куруп берген.

- Мына азыр бийлик менен оппозициянын ортосунда диалог боюнча сөз айтыла баштады. Аны президент Курманбек Бакиев да колдогону айтылып жатат. Ошол эле учурда сиз азыркы бийлик менен оппозиция бири-бирин уга турган абалда экенин айткан элеңиз. Эгер күзүндө чын эле ортодо сүйлөшүүлөр башталса, диалог кайсы форматта өтүшү мүмкүн. Ошол сүйлөшүү чыныгы диалог болот деп ишенесизби?

- Албетте, азыр оппозиция менен бийликтин ортосундагы күрөш башкача бир жаңы нукка өтүп жатат. Себеби, оппозициянын бийлик үчүн күрөшүү тактикасы өзгөрдү. Эми ар кандай формалар колдонулуп келбедиби. Айталык кечээ митингдер боюнча көптөгөн элдерди топтоп алардын аркасы менен бир топ басым жасоого үлгүрүштү. Эми ал тактика артта калды. Эмки тактика бир аз тымызын оюндарга кете турган болуп турат. Айталык жеке сүйлөшүүлөр менен кете турган болуп турат. Андыктан, мен ойлоп жатам азыр ахыбал бир топ калыптанып калды. Мындай калыптанып калган ахыбалдан эки тарап тең чыга албайт. Бирине-бири чагымчылык жасай албайт. Болбосо жеке сүйлөшүүлөр аркылуу гана иштер болушу мүмкүн. Болбосо лидерлердин ортосунда кандайдыр бир диалогдордун болушу күтүлүп жатат.

- Биз таңкы “Азаттыкта” акыркы күндөрү бир топ оппозиция өкүлдөрү менен ушул күзүндө күтүлүшү мүмкүн болуп жаткан окуялар жөнүндө маектешкенбиз. Жалпылап жыйынтык чыгара келгенде бүгүнкү кыргыз оппозициясы бийликке койгон башкы талап конституциялык реформаны өткөрүү болуп жатат. Андыктан күзүндө бул маселе кайрадан негизги темага айланышы мүмкүн. Албетте, Баш мыйзам бир күндө эле жазыла калбайт. Бирок, ал улам артка жылып, кечеңдетилип жатышы тынчсызданууларга себеп болуп жаткан жокпу?

- Конституциялык реформаны жүргүзүүдө оппозициянын өзү да чоң катачылыктарды кетиргенин биз билебиз. Себеби, шашылыш түрдө жаза калган Конституциянын текстин таңуулап жиберген сыяктуу бир оюндар болду. Ал жарабай калып кайра башка конституциясын жазып, анан ага жарыша удаа конституциялык марафондор башталып кетти. Эми мунун баары тең арта калды. Азыр бир жалпы текст иштелип жатканы көрүнөт. Аны ушул күздө алып чыгышат шекилдүү. Эки тарап тең бир сүйлөшүп алып туруп ошол жерде башкаруунун кайсы формасына өтөбүз, президенттик формасыбы же аралаш формасыбы, ошол сүйлөшүүлөрдөн кийин билинет го. Негизинен эки тарап тең аралаш формасына өтөбүз деген ишарат кылып жатышат. Эми ал Конституциянын негизги өзөгү Кыргыз республикасынын келечектеги модели кандай болот. Кеп ошондо болуп жатат.

- Карыбек мырза, келерки сүйлөшүүлөрдүн, диалогдун тактикасы мүмкүн деп жатасыз. Жалпылап айтканда, бүгүн бийик менен оппозициянын кызыкчылыктары кесилишкен жалпы максатка, биргелешип иштешүүгө алып келе турган идеялар барбы?

- Эки тарап тең оппозиция деле айтып жатпайбы. Биз Кыргызстандын келечеги жакшы болсо, элибиз бай болсо, өлкөбүздө тынчтык болуп, чек араларыбыз бекем болсо экен деп тынчсызданууну айтып жатышпайбы. Экономикалык маселелерди чече келгенде, иштей келгенде билинип калып жатпайбы. Адам иштебей туруп, айтканда жеңилирээк болот экен дагы, өз колуң менен жасай келгенде ошондо ахыбалды ошондо гана түшүнүшөт окшойт. Ошон үчүн оппозиция дагы бир топ бышып, түшүнүп, жетишилип калды. Ойлоп жатам быйыл эки тараптын позициясы жакындашат көрүнөт.

- Жакында мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров идеология боюнча долбоор сунуш кылбады беле. Ал “Биригүү аркылуу өнүгүү” деп аталат экен. Сиз аны менен жакындан тааныша алдыңызбы?

- Албетте, аны менен тааныштык, терең изилдедик. Анан өз пикирибизди айтканбыз. Бул идеологияны жазганда жалгыз эле мамлекеттик катчынын же болбосо ректорлордун авторлугу астындагы идеология эмес, мунун алдында президент туруп жаткандан кийин анын ысымын, жалпы эле Кыргызстандын атын уятка калтырбай турган документ болуш керек. Анан азырынча бышып жетилген идеологияык концепция жок ошондуктан аны булар бекер шашып жатышат. Таңуулап жибергени турушат. Андай идеология менен биз келечекке жакшы багыт ала албайбыз. Себеби, бул чийки документ. Бул жерде идеология жок.

- Карыбек мырза, маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG