Бул тууралуу бүгүн бейөкмөт уюмдун башчысы Азиза Абдырасулова «Азаттыкка» билдирди. Нарын шаардык соту Сакеевдин өлүмүнө байланышкан ишти карап, 13-августта айыптуу деп шектелген милициянын эки кызматкери Таалай Чыпаев менен Чыңгыз Керимкуловду актаган. Муну натура чечим деп эсептеген укук коргоочулар жана маркумдун тарапкерлери Сакеев шаардык милиция тарабынан мал уурдады деп кармалып, 20-нояюрда милиция кызматкерлеринин «таягынан» мерт болгондугун айтышууда. (BuS)