Кызылкыя цемент заводунун курулушун каржылоого кепилдик берүү тууралуу келишимге Казакстандын “Туран Алем” Банкынын аткаруучу мүдүрү менен Кызылкыя цемент заводунун башкы мүдүрү Ян Фишер кечээ кол коюшту. “Туран Алем” банкы Кызылкыя цемент заводуна 70 млн доллар кредит берип жаткан Кытайдын Эксимбанкына кепил болуп берүүдө. Бул маалыматты “Туран Алем” банктын басма сөз кызматы таратты.
Кызылкыя цемент заводунун курулушу Кытай өкмөтүнүн ШКУ өлкөлөрү үчүн жеңилдетилген кредит берүү алкагындагы алгачкы долбоор болуп эсептелет. Анын курулушу сентябрь айында башталуусу күтүлүүдө.
Аталган завод ишке кирсе алгач жылына 930 миң тонна цемент чыгаруудан баштап, кийинчерээк 2 млн тоннага чейин жеткирүү мүмкүнчүлүгү бар экендигин белгилешет адистер. (ZKo)