Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:18

ЕВРОПАЛЫК БИРИМДИКТИН «ЕВРОПАГА КОҢШУ ӨЛКӨЛӨР» САЯСАТЫ ЭМНЕ?


Европа Биримдиги 3- сентябрда “Европага коңшу өлкөлөр саясатына” катышкан өлкөлөрдүн биринчи жыйынын өткөрөт. 2004- жылы кабыл алынган бул долбоордун алкагында Евробримдик өзүнө коңшу мамлекеттер менен демократияны бекемдөөдө, адам укугу жана мыйзамдуулукту сактоодо, эркин экономиканын негиздерин жайылтууда колмо- кол иштешүүнү көздөйт. Евробиримдиктин Тышкы байланыштар боюнча комиссары Бенита Ферреро- Вальднер айым “Европага коңшу өлкөлөр саясаты” жөнүндө “Азаттык” радиосуна интервью берди.

Бенита Ферреро- Вальднер “Азаттык” радиосунун Брюсселдеги кабарчысы Ахто Лобякаска берген интервьюда дүйшөмбү күнү болчу “Европага коңшу өлкөлөр саясатына” мүчө өлкөлөрдүн жыйыны өнөктөш өлкөлөр арасында өз ара пикир жана тажрыйба алмашуу экенин белгилейт. Долбоорго постсоветтик: Армения, Азербайжан, Белорус, Молдова, Украина; Жакынкы Чыгыштан: Израил, Сирия, Палестина, Иордания, Ливан жана Түндүк Африкадан Египет, Тунис, Марокко тартылган. Мунун өзү- долбоор тар максатты көздөбөгөнүн жана башка уюмдарга атаандашбаганын көрсөтөт дейт Ферреро- Вальднер:

- Алсак, “Барселона жараянын” сүрүп чыгуу оюбузда жок жана жакында жакында эле Чыгыш өлкөлөрү үчүн “Кара деңиз жарнакташтыгы” демилгесин түздүк. Биз муну менен Чыгыш жана Түштүк өлкөлөрү өз ара өнөктөш боло аларын долбоор негизделгенден тартып шарданалап жатабыз.

Евробримдикке коңшу өлкөлөрдүн дээрлик баарында адам укугу жана демократия жаатында проблемалар бар. Бул багытта оң жылыштар барбы? деген суроого:

- Албетте. Украина бир жагынан, Марокко экинчи жактан адам укугу жана демократиянын стандарттары багытында олуттуу жылыштарды жасады. Бирок, Евробримдик адам укугу жана демократиядан башка да экономикалык өнүгүү жаатында кызматташууну көздөйт.

Франциянын президенти Николас Саркози 27- августа биримдикти кеңейтүү маселесин тез арада талкуулоого чакырган. Мындай талкуунун зыянадан башка пайдасы жок деп, ЕБнын Кеңейүү боюнча комиссары сунушка каршы чыккан. Бул маселеге карата Ферреро- Вальднердин пикири мындай болду:

- Биринчиден, президент Саркози өтө курч сүйлөдү деп ойлойм. Европада мындай лидерлердин бар экенине баракелде дейм. Экинчиден, Саркози мырза азыр Түркияны ЕБга кабыл алуу боюнча сүйлөшүүгө каршы эмес…Биз, менимче, 2020 жана 2030- жылдары Евробримдикке кимдер кирет деген суроону талкуулай башташыбыз керек.

Ферреро- Вальднердин айтышынча, “Европага коңшу өлкөлөр саясаты”соңку үч жылда бир кыйла конкреттүү нукка түшкөн. Экономикалык интерграция өлкөлөрдүн өсүү деңгээлине ылайыкташтырылган. Мисалы, ЕБ Молдовага шартына жараша мамиле кылса, Украина менен болочокто эркин соода келишимин түзүүгө даярдык көрүүдө.

XS
SM
MD
LG