Мамлекет башчы бүгүн Аларча резиденциясында өткөргөн жыйында губернаторлорго ушундай талап койду. Курманбек Бакиев ошондой эле дубандардагы эпизоотикалык абалга да канааттанбагандыгын билдирип, ветеринардык кызматты жакшыртууну, мал-жандыктарды өз убагынан кечиктирбей дарылоого көзөмөл жүргүзүүнү облус жетекчилерине тапшырды. (ZKo)