Мунун ичинен 80 миң тоннасын Кыргызстандагы шахталар камсыздайт. Калганы Казакстандан апкелинет. Бүгүнкү күнгө чейин ТЭЦтин көмүрканасына 300 миң тонна көмүр түшүрүлдү. ТЭЦ жетекчилигинин маалыматы боюнча тиешелүү деңгээлде жылытуу үчүн 16 котлоагрегат иштөөгө тийиш болсо, учурда анын 9у гана ишке жарактуу. ТЭЦти кышка даярдап, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө 325 млн сом бөлүнүшү керек болсо, үстүбүздөгү жылы 153 млн сом каражат бөлүнүп берилген. (ZKo)