Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:09

12:05 Кыргызстанга көз карандысыз соттук-медициналык экспертиза керек


Мындай пикирин укук коргоочу “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда мамлекеттен көз карандысыз болгон соттук-медициналык экспертиза болмоюнча, күч структураларындагы коррупция, тааныш-билиштик токтобойт. “Биз иликтеген бир нече кылмыш иштеринде соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыкты акыйкат чыгарып бербегендигинен улам, карапайым жарандар жабыркап жаткандыгына күбө болдук”, -дейт укук коргоочу.
Нарын ШИИБдө табышмактуу өлүм менен каза тапкан, “Бириккен фронттун” мүчөсү Бектемир Акуновдун уулу Урмат Акунов да көз карандысыз соттук-медициналык экспертиза зарыл деген пикирин “Азаттыкка” билдирди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG