- Ысыккөлдө 6-сентябрда Кыргызстан менен Орусия ишкерлеринин биргелешкен форуму өткөнү жактан экен. Бул форум кандай максат менен чогулуп жатат?
- 6-сентябрдан 9-сентябрга чейин Ысыккөлдө Евразия форуму өткөнү атат. Мунун негизги уюштуруучулары Орусиянын Евразия ассоциациясы менен ЕврАзЕс Кыргызстан болуп эсептелет. Жакында болуп өткөн Шанхай уюмунун саммитинде президент Путин Россия Кыргызстанга кеминде 2 млрд. доллар инвестиция кылат деп айткан. Негизги максат – ушул боюнча көп долбоорлорду талкуулаганы вице- премьер Нарышкин баш болуп, Орусиядан 60тан ашык, Кыргызстандан 50дөй ишкерлер чогулуп атат.
- Токтосун мырза, сиз өзүңүз айтып кеттиңиз Путин жанагыдай жакшы мыкты долбоорлор болсо, биз даярбыз инвестиция бергенге, деди эле. Азыр эми ошондон бери деле бир топ убакыт болуп калды, бышып калган, орусиялык ишкерлерди ынандырат деп болжогон долбоорлор барбы?
- Негизинен Орусиянын президентинин айтканы бизге абдан чоң колдоо берип атат. Анткени тышкы карызыбыз эле 2 млрд. доллар болуп атпайбы. Ошондуктан Путиндин биз силерди карыздан куткарып чыгып кеткенге жардам беребиз деп айткандыгы, бизге болгон чоң ишеними болуп атат. Эми канчалык деңгээлде биздин өкмөт буга даяр экендигин мен толук билбейм. Бирок негизинен бүгүн да ошол чоң долбоорлордун үстүндө иш алып барганга абдан чоң күчтүү эксперттер келип атат. Менин оюмча эгерде 2 миллиарддын тегерегинде биздин мамлекет Орусияга коргоо өнөр жайындагы продукцияны чыгарганга, гидроэнергетика тарабынан, тоо кендери тарабынан чоң долбоорлорду макулдашса жакшы болмок. Андан аябай аксап келатпайбызбы, чет элдиктер бизди бүгүнкү күнгө чейин көзбоёмочулук кылып алдап келе жатат.
Биздин дагы бир оор нерсебиз - суу маселесин өзбек, казак туугандар менен чечише албай атабыз. Ушундан дагы чоң долбоор кылып, Орусияны орток кылып иш жүргүзсөк деген менин жекече оюм бар. Азыр бир топ долбоорлор ортого коюлган, эми кайсыларына көңүл бурулат, форумда белгилүү болот.
- Бул долбоорлордун ичинде Камбаратага байланышкан долбоорлор талкууланышы мүмкүнбү?
- Камбарата дагы талкууланышы мүмкүн. Андан сырткары биз Шамалдысайдагы алюминий заводу боюнча да талкуу болушу мүмкүн болуп турат.
- Маегиңизге чоң ырахмат.