Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

КЫМБАТЧЫЛЫК ЖЕЛКЕДЕН БАСКАНДА


Бүгүн өкмөт үйүндө президент Курманбек Бакиевдин катышуусунда өкмөттүн кеңейтилген жыйыны болуп өттү. Жабык эшик аркасында өткөн жыйында Алмазбек Атамбаев башында турган өкмөттүн ишине баа берилип, өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал талкууланды. Каржы министри Акылбек Жапаровдун айтымында, президент өкмөттүн ишине бир катар сындарды да айтты. Жыйында дан азыктарынын жана күйүүчү майдын кымбаттап кеткенинен улам, пенсия көлөмү, айлык-акылар жана майыптарга болгон жардамдардын көлөмүн жогорулатуу тууралуу чечим кабыл алынды.

Президент Курманбек Бакиев жаңы өкмөттүн курамы менен биринчи жолу кеңейтилген жыйын өткөрүп, өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаал тууралуу өкмөт мүчөлөрүнүн докладын укту. Президент Курманбек Бакиев жыйындын максаты жаңы өкмөттүн ишинин жыйынтыгын талкуулоо жана учурдагы бир катар маселелер боюнча чечим кабыл алуу экендигин айтты. Ал эми Премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин айтымында, айрым көйгөйлүү маселелердин уланып жатканына карабай өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрү жогорулоодо:

- Өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал тууралуу кыскача айта турган болсом, акыркы көрсөткүчтөр боюнча республикабыздын экономикасында макроэкономикалык стабилдүүлүк сакталып, экономикалык өсүштөр болуп жатат.

Өкмөттүк жыйында учурдагы дан азыктарына, азык-түлүккө жана күйүүчү майларга болгон баанын жогорулашы да талкууланып, анын кесепеттерин алдын-алуу аргалары изделди. Каржы министри Акылбек Жапаров "Азаттыктын" кабарчысына билдиргендей бул жагдайдан чыгуу үчүн төмөнкүдөй чечим кабыл алынганын ырастды:

- Жанагы инфляция менен баанын кескин түрдө өсүшүндө биздин колдон келбей турган факторлор үстөмдүк кылып атат. Мына өкмөт буга карата программа даярдап, президент бүгүн колдоду. Айрым категориялардагылардын пособиесин көтөрөлү деп табыз, алар майыптар. Ал эми социалдык фонд 1-октябрдан баштап пенсиянын көлөмүн 10 пайызга көтөрөт. Калгандарын, 2008-жылдын 1-январынан баштап бюджеттик кызматкерлердин айлыктарын көтөрө баштайбыз. Көтөрүү деңгээли инфляцияга караганда бир-эки эсе көп болот.

Жогорку Кеңештин депутаты Эркин Алымбеков өлкөдөгү социалдык-экономикалык кыйынчылыктардын төркүнүн башкадан көрөт. Анын айтымында, азыркыга чейин калып келаткан эски системалык башкарууну өзгөртмөйүн, канчалык өкмөттү урушуп же мактаган менен абал өзгөрбөйт:

- Баягы эски ыкмага салып, эски бийлик системасын калтырып, анан өкмөт өзүнүн социалдык блогу менен ар дайым орусча айтканда “Мальчик для битя” системасы калып келатканда, бул өкмөттү урушусаң да мактасаң да эч нерсе өзгөрбөйт. Ошондуктан системаны түп-тамырынан өзгөртүш керек. Биз талап кылып аткан конституциялык реформанын негизинде, системалык өзгөрүштөрдү айкалыштырып ишке ашырбаса, азыркы өкмөттү "тамга такап атып салам" десең да эч нерсе чече алышпайт. Комплекстүү өзгөрүүлөргө келбесек кризис улангандан улана берет.

Жаш экономист Талант Кемеловдун пикиринде, азыркы өкмөт деле өлкө экономикасын жакын арада жакшыртып ийбейт. Бирок, айлык-акыларды, пенсияларды жогорулатуудан башка аргасы калбай турат:

- Айлыктар көтөрүлүшү керек негизинен. Алар өтө эле төмөн. Эми абал мурдагыдай эле калат го жакын арада. Өкмөттө деле ага каражаттар аз. Айыл-чарбабыз өтө терең кризисте турат. Эч ким деле жерлерин айдабай калды. Ташталган жерлер андан көп.

XS
SM
MD
LG