Орусиянын Архангельск шаарынын мэри Александр Донской шарттуу түрдө бир жылга эркинен ажыратылып, 75 миң акчалай айып төлөмөй болду. Ага мыйзамсыз ишкерчилик кылган жана жогорку билим жөнүндө жасалма диплом даярдаган айып тагылды. Донскойго карата кызматын кыянаттык менен пайдаланган деген дагы бир кине тагылууда. 37-жаштагы Донской июль айында камакка алынган.