Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:37

БАКЫТ СЕИТОВ: МИЛИЦИЯ ПРОВОКАЦИЯГА БАРБАЙТ


“Азаттыктын” маектеши Бакыт Сеитов, Кыргызстандын ички иштер министринин маалымат кызматынын башчысы.

- Жогорку Кеңеш 4-сентябрда депутат Дооронбек Садырбаевдин коопсуздугун камсыз кылуу чаралары көрүлсүн деген токтом кабыл алып, аны Ички иштер министрлиги менен Коопсуздук комитетине жолдободубу. Ал токтомду аткаруу үчүн Ички иштер министрлиги кандай чараларды, аракеттерди көрмөкчү?

- Дооронбек Садырбаевдин коопсуздугун сактоо боюнча Жогорку Кеңеште атайын токтом кабыл алынды. Токтом көзөмөлгө Жогорку Кеңештин коргонуу комитетине берилди. Эми бул комитет териштирет болуш керек. Биз буга чейин деле мындай иштер менен алектенип келгенбиз. Анткени, Жогорку Кеңештин депутаттарынын укугун сактоо боюнча иш чараларды жүргүзгөн биздин атайын кызматтарыбыз бар. Эгерде Жогорку Кеңештин комитетинен бизге келе турган болсо, биздин атайын комиссия карап туруп, чечим кабыл алып, Дооронбек Садырбаевдин жеке коопсуздугун сактоо боюнча чараларды көрүүгө милдеттүүбүз жана мындай чараларды көрүп да келгенбиз. Менин оюмча бул колдон келе турган иш.

- Бакыт айсаңыз, буга чейин Дооронбек Садырбаевге байланыштуу оперативдүү маалымат түштү беле сиздерге?

- Чындыгын айталы, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары бардыгы эс алууда болчу. Дооронбек Садырбаев боюнча бизге эч кандай маалымат түшкөн эмес, уккан да эмеспиз. Ал эми өзүнүн айтуусунда Аксы окуясына байланыштуу иш чарадан улам өзүнүн коопсуздугун сактоо боюнча кечээ айтып чыкпадыбы. Бул боюнча атайын оперативдүү кызматтар бар, ушул иш чараларды иликтөө боюнча иш жүрүп жатат, чындыгында ошондой болгонбу, кайда болгону боюнча биз атайын маалымат чогултабыз.

- 19-апрель окуясынан милиция кызматы кыянаттык менен пайдаланды деп оппозиция күнөөлөп келатбайбы. Мындай доомат канчалык жүйөлүү? Мисалы кечээ “Ата мекен” партиясы дагы ушундай билдирүү таратты.

- 19-апрелде окуя кандай болгондугун жалпы эле кыргызстандыктар эмес, дүйнө жүзү билди. Бул жерде коомдук тартипти сактоо боюнча жалпы эле республика боюнча кырдаал түзүлгөндө эң негизгиси биз үчүн коопсуздук биринчи маселе болгон. Ошон үчүн 19-апрелде биздин милиция провокацияга барган жок. Ал эми провокацияга баргандарга карата биз мыйзамга ылайык гана иш чараларды жүргүздүк. Ошол иш чараларды жүргүзүп жатканда эч кимге зордук-зомбулук көрсөткөн жокпуз. Ал эми бул ишти ошол убактагы кырдаалга улуттук коопсуздук кызматы атайын өзү баа берип, тергөө иштерин бүт бардыгын өздөрү жүргүздү.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG