Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:57

АСТАНА МОСКВАГА ТАЛАПТЫ КАТУУ КОЙОТ


Россиянын космостук агенттиги 6-сентябрдагы кырсыктан кийин Байкоңур космодромунан "Протон" ракеталарын учурууну убактылуу токтото турганын билдирди. Москва убактысы боюнча таңкы саат 2:43тө Байкоңурдан учурулган космостук ракета үч мүнөттөн кийин кулап түштү. Бактыга жараша бул кырсыктан эч ким жабыркаган жок.

Итар-Тасстын Россиянын расмий булактарына шилтеме берип билдиргенине караганда, ракета учурулгандан 3 мүнөт өткөндөн кийин, 70 чакырым бийиктиктен кулап түшкөн. Алдын ала малыматтарга караганда, кырсык ракетанын моторунда чыккан бузуктан улам болгон. Бактыга жараша анын сыныктары Казакстандын Джезказган шаарынан 50 чакырымдай, эл жашабаган, ээн жерге кулаган. Андан эч ким жабыркаган жок жана обьекттерге зыян келтирилген эмес. Бирок ракетанын бортунда дагы 200 тоннадай гептил отуну бар болгондуктан, туш- тарапка чачылган уулуу заттан зыян келген болушу мүмкүн деп жатышат Казак бийлик өкүлдөрү .

Кырсык болоору менен ал жерге Казакстандын чукул кырдаалдар министри Виктор Храпунов баштаган комиссия барып, кырсыкты иликтөөгө киришти.
Казакстандын премьер -министри Карим Масимов кырсыкка байланыштуу буларды билдирди:
-Ушул тапта кырсыкты чукул кырдаалдар министрлигинин тобу жеринде изилдеп жатат. Анын майда-чүйдөсүн министрлик кийинчерек билдирет. Кырсыктын күнөөкөрлөрү жазасын алат, биздин өлкөгө келтирилген экологиялык зыяндын кенемтесин күнөөлүүлөр төлөп берет, абал биздин көзөмөлүбүздө , деп айтты өкмөт башчы.

Ал эми Роскосмостун басма сөз катчысы Александр Воробьев: "Келтирилген зыяндын кенемтесин төлөп берүү маселесин көтөрүү жөнүндө сөз кылуу азырынча эрте, иликтөө жаңы эле башталды бирок андай маселе койулган күнү да "Протон-М" ракетасы алдын ала камсыз кылынган",- деп маалымдады.

"Протон-М" ракетасы орбитага Япониянын телекоммуникациялык спутнигин чыгармак. Ал спутниктин жардамы менен Тынч Океандагы аралдар менен Гавай аралдарынын телекоммунициялык тейлөөсү ишке ашырылмак.

Кырсык болгонуна байланыштуу Роскосмос агенттиги Протон үлгүсүндөгү ракеталарды учурууну убактылуу токтоткондугун билдирди, жыл соңуна чейин дагы эки ракета учурмак.

Бул "Протон" үлгүсүндөгү ракеталардын биринчи авариясы эмес. 1999-жылы эки ракета кыйрап калып, Астана менен Москванын ортосундагы мамилелерге көлөкө түшүргөн. 6-сентябрдагы кырсыктан кийин Казакстандын экология министри Зейнулла Сарсенбаев Байкоңур космодромун ижарага алып жаткан Россияга экологиялык талапты катаңдатабыз деп билдирди. Анын айтымында, акыркы 10 жылдын ичинде Байкоңурда 6 жолу ар түрдүү коркунучтуу кырдаалдар түзүлгөн.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG