Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:29

А.ТЕКЕБАЕВ МИЛИЦИЯДА: КИМДИ КИМ САБАДЫБЫ?


Ош шаарындагы Навои паркынын директорунун орун басары, жеке ишкер Алмазбек Текебаевди адегенде Кылмыш жаза кодексинин 234-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-бөлүмчөсү боюнча бейбаштык кылып милицияга кол көтөргөн деп айыпташкан эле. Эми ага дагы бир күнөө тагышты. Кылмыш жаза кодексинин 341-беренесине ылайык Текебаев кызматтык милдетин аткарып жүргөн кишилерге кол көтөргөн дешет. Ал эми А.Текебаевдин коргоочусу болсо, милиция кызматкерлери депутаттын бир тууганын жөн жерден катуу сабап коюшканын айтат.

4-сентябрда саат 11:00 ченде Навои паркындагы «Гули» кафесиндеги окуянын накта күбөлөрү, «Азаттыкка» 8-сентябрда өздөрү кайрылышты. Алар чырдын чоо-жайын кыскача баяндашты.

«Гули» кафесинин официанты Гүлзат Чотуева ортодо түшүнбөстүк өкүм сүргөндүгүн, коомдук тамактануучу жайды Ош шаардык ветеринардык кызматтын башчысы Кумарбек Исаков, ЭлТР телекомпаниясынын кабарчысы Токтобүбү Исабекова, оператору Съездбек Жолдошбаев негизсиз текшеришкендиктен, Навои паркына караштуу жайлардын жетекчиси катары Алмазбек Текебаев күтүлбөгөн коноктордон документ талап кылгандыгын, бирок, оператор бала аны түртүп жибергендигин, ошентсе да, Текебаев текшерүүчүлөргө кол көтөрбөгөндүгүн жарыя кылды:

- Бул жерде түшүнбөстүк болуп калды. Жөн жерден Алмаз акеге күнөөнү коюп атышат. Чындыгында бул жалган. Көрсөткүлө документиңерди десе, сенин ишиң эмне деп туруп тиги бала Алмаз акени түтрүп жиберди,- деди Гүлзат Чотуева.

«Гули» кафесинин орун басар директору Музафар Расулов буларга токтолду:

- Ветеринардык кызматынын башчысы бир жерге телефон чалып милицияны чакырды. Милиция келип, Алмаз акенин колун кайрып, жолдон ары алып өтүп кетти. Бул кафеде Алмаз аке милиция кызматкерлери менен урушкан жок,- деди Музафар Расулов.

Айтмакчы, 6-сентябрда «Азаттыкка» берген маегинде, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Замир Сыдыков:

- Ош шаардык ветеринардык башкармалыктын жана ЭлТР коомдук телевидениеси менен биргеликте Новои паркында жайгашкан “Гули” кафесин текшерүү учурунда Алмазбек аттуу жигит мас абалында алардын жумушуна тоскоолдук кылып, шаардык ветеринардык башкармалыгынын башчысы Исаков Кумарбекти жана ЭлТР коомдук телесинин оператору Жолдошбаев Съездбекти эч себепсиз урган. Милициянын майору Мырзалиев Азамат Алмазбекти тынчтанууга чакырганда анын да пагондорун жулуп таштаган. Алмазбек аттуу атуул депутат Өмүрбек Текебаевдин бир тууган иниси болуп чыкты. Бул жерде эч кандай саясий провокация жок,- деген эле.

Алмазбек Текебаевге жолугуп чыккан жактоочусу Мейликан Эмилбаева, анын саламатчылыгы оор экендигин маалымдады. Кордолгон жигитти судья Талант Юлдашев, процесс учурунда коруп турса да баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырганына таң калды. Алмазбекке эмдигиче медициналык жардам көрсөтүлбөгөнүнө күйүндү. Ошондой эле адвокатура институту Кыргызстанда алсыз экендигине кейиди:

- Бүгүн дагы кирип Алмазбек Текебаев менен жолугуштум. Бирок судмедэксперттер азыркыга чейин келип текшербептир. Денесиндеги шишиктер таркай элек, колунун шишиги ошол бойдон турат. Бүгүнкү күндө колу ооруп жана башы айланып жатыптыр. Тергөөчү менен коргоочу адвокатынын укугу бирдей. Тилекке каршы адвокаттык институт Кыргызстанда өтө күчсүз. Адвокаттын "ходатайствосу" менен эч ким эсептешпейт.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин тергөө боюнча орун басары Кемербек Бердибаев, Алмазбек Текебаевди кесиптештери токмоктобогондугун, шаардык милийсанын имаратында ОБСЕ каржылаган коомдук көзөмөл уюму олтургандыгын, алар мындай жорукка жол бербестигин билдирди:

- Алмазбек Текебаеди биздин убактылуу кармоочу жайда уруп, тергөөчү кысым көрсөтүптүр деген маалымат жалган. Биздин имараттын ичинде ОБСЕ менен келишим түзүлүп, коомдук өзүнчө жай ачылган. Ал жерде ОБСЕнин өкүлдөрү отурат.

XS
SM
MD
LG