Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Апрель, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 21:36

ШАРКТА ЖЕРЛЕР ЖЕҢ АЛДЫНАН САТЫЛАБЫ?


Алишер Токсонбаев,Ош Карасуу районунун Шарк айыл өкмөтүндөгү 761 жер участогуна үйлөр долбоорсуз жана уруксат кагазы жок салынып жатат. Райондук архитектура жана курулуш башкармалыгынын ырасташынча, мындай башаламан аракеттер бекитилген генпланды бузуп, калк арасында кыжырданууну туудуруп, а түгүл социалдык жарылууга ыңгай түзүп отурат.

Шарк кыштагынын тургуну Турдубек Шакиров жердештери турак-жай курууга участок алалбай жүрүшсө, айыл өкмөт башчысы Мухтаржан Абдукаримов тааныштарына, ошондой эле аймакта таптакыр жашабагандарга жең ичинен жер сатып жаткандыгын билдирди.

- Чындыгында Шарк айыл өкмөтүндө жер маселеси боюнча өтө татаал иштер болуп жатат. Айыл өкмөтү архитекторго берсе, ал башка адамга сатып, 5-6 миң долларга чейин көтөрүлүп жатат,- дейт Турдубек Шакиров.

Ал эми аталган айылдын дагы бир тургуну Артур Эсенкулов мындай дейт:

- Бизге айыл өкмөттүн токтомунун негизинде жер бөлүнүп берилген. Ошол эле жерди башка да жаранга берип коюптур. Ушуга окшогон жерлер аябай көп. Фактылар бар бир жерди 5 адамга чейин берип жиберген. Азыр алар соттошуп жүрүшөт.

Шарк айыл өкмөтүнүн башчысы Мухтаржан Абдукаримов жер участоктору зарыккандарга кезектин негизинде бөлүнүп жаткандыгын, баарына тегиз жагуу кыйын экендигин, ага каршы акцияны жеке кызыкчылыкты көздөгөн айрым топтор уюштуруп келаткандыгын телефон аркылуу кулак кагыш кылды. Шарк айыл өкмөтүнүн үстүнөн даттануу түшкөндүгүн, андагы фактыларды териштирүү максатында комиссия түзүлгөндүгүн, анын жетекчиси, Ош облустук мамлекеттик администрациясынын аппарат башчысынын орун басары Арым Акпаралиев маалымдады. Бирок, ушуну менен үчүнчү ирет уюшулган комиссия, губернатор Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругуна ылайык кечээ кайра жок кылынгандыгын, ишти иликтөө Карасуу районунун акимине табышталгандыгын кошумчалады.

- Комиссия ишин баштар алдында комиссиянын курамына ошол арыздарды уюштуруучу деп Кангелдиевге жана дагы үчөөбүзгө шек туула баштады, айыл өкмөт башчысы тараптан. Ошого байланыштуу айыл өкмөт кат жүзүндө губернаторго кайрылып, бул комиссиянын курамынан шектүү адамдарды чыгарып койбосоңор, комиссия калыс текшере албайт, биз бул комиссияга ишенбейбиз деген тыянакка келиштир. Ошонун негизинде губернатор калыс текшериш үчүн Карасуу районунун акимине тапшырды,- деди Арым Акпаралиев.

Карасуудагы «Мыйзамдуулукту коргоо» коомдук бирикмесинин төрагасы Абдыкайым Кангелдиев:

- Шарк айыл өкмөтүнүн башчысы Абдыкерим Мухтар, анын орун басары Кулмурзаев дегендер 10-15жылдан бери ошол жердеги тургундарга жер бербей жең ичинен өзүлөрүнүн тааныштарына, туугандарына ошондой эле ал айыл өкмөтүндө жашабаган адамдарга берип жаткан фактыларды айтып бизге ыйлап келишти. 2006-жылы Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругунун негизинде эки жолу комиссия түзүлгөн. Быйыл үчүнчү жолу комиссия түздүрдүк. Бул деген азыркы жергиликтүү бийликтин, айыл өкмөттөрүндөгү коррупционерлерди, паракорлорду калкалап жатат дегенди билдирет,- деп, Шарк айыл өкмөтүндөгү жер чатагына облустук бийликтин катыштыгы бардыгын, ошон үчүн чара көрбөй, эл муңуна көз жуумп келаткандыгын каңкуулады.

XS
SM
MD
LG