Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:21

14:28 Кочкор атада карылар пансиону менен эл аралык уюмдар турган имарат талашка түштү


Шаар өкмөт башчысы Тоялы Анарбаев имаратка «Жомок» балдар бакчасын жайгаштырууга байланыштуу турак-жайды бошотууну талап кылган. Мындай чечим аталган уюмдардын башчылары, кароосуз карыялар жана шаар кеңеш депутаттары менен макулдашылбай кабыл алынган. Пансион имарат үчүн демократияны колдоо борбору менен эл аралык «Актед» жана «Компаньон» аттуу каржы тобунан алынган каражатка күнүнө 46 карыяга бир маал тамак берип, ал жерде көзү азиз жана басалбаган төрт киши жашоодо. Пансион башчысы коркутуу-үркүтүүгө туш болгон. Турак-жайдан ажыраса, эл аралык уюмдардын иши үзгүлтүккө учурап, карылардын кайда бараар тагдыры белгисиз. Аларга шаар өкмөтүнүн казынасынан каражат каралбаган. Ноокен районундагы бейөкмөт уюмдар кырдаалды талкуулоо үчүн шаар кеңешинин сессиясын чакырууну депутаттардан өтүнүүдө.(YA)

XS
SM
MD
LG