Азима айым жөнүндөгү куш кабарды уккан “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жефф Гедмин: “Парназ айымдын акыр соңунда өз үй- бүлөсүнө кайра кошулуп, жаңы төрөлгөн небересин көрөөрү бизди сүйүндүрөт” деп билдирди.
Ирандын Коопсуздук кызматынын прокурору 15- майда Азиманы өзү эмгектенген “Фарда” радиосу аркылуу Иран бийликтерине каршы пропаганда жүргүздү деп күнөөлөгөн. “Фарданы” – АКШ Конгресси каржылаган “Эркин Европа/Азаттык” жана “Америка үнү” радиолору чогуу түзгөн. Ал перс тилинде жаңылыктар менен маалыматтарды уктуруп, саясый аракеттерди жүргүзбөйт.
Парназ Азима “Эркин Европа/Азаттык” радиосунда иштеп жүрүп Ирандын тарыхы, ирандык аялдардын коомдогу орду, этникалык жана диний азчылыктар тууралуу, ошондой эле адам укуктарына арналган берүүлөрдү даярдаган.
Калемгер француз жана англис тилдеринен 30дан ашуун китепти, анын ичинде Эрнест Хемингуэйдин “Чал жана деңиз”, Габриель Маркестин “Кара тумоо маалындагы махабат” деген чыгармаларын персчеге которгон.
Иран бийликтери кабарчыга эркиндик бергенден мурда анын апасынын үйүн 500 миң долларга баалап, күрөөгө тартып алды. Парназ Азима 26- августта “Фарда” радиосуна телефон аркылуу берген интервьюда Иран бийликтери ал “Фардада” иштөөдөн баш тартууга макул болсо, ага каршы сот жараяны жеңил бүтөт деп сунуш кылышканын айткан. Ал бирок “1998- жылдан бери иштеп жүргөн жумушун таштабайм” деген.
Азима айым менен бир убакта АКШ- Иран жарандыгы бар дагы үч америкалык: консултант Кыян Тажбакш, илимпоз Хале Исфандияри жана тынчтык активисти Али Шакери кармалып жатты. Аларга да Азима айымга тагылгандай күнөө коюлду. Исфандияри 3- сентябрда бошотулду. Калган экөө дале абакта.
Адам укугун коргоочу уюмдар кош жарандыгы бар төрт америкалык негизсиз жерден кармалып жатканына, Иранда студенттик жана профсоюздук кыймылдардын активисттерине каршы куугунтук күчөгөн маалда камакка алынган.
Америкалык эксперт Билл Сааминин айтымында, Иран бийликтери Азима жана башкаларды камакка алуу менен өлкө ичиндеги жана сыртындагы башка да жарандарга “Кошмо Штаттары менен кайсы гана тармакта кызматташпасын, анысы өкмөткө каршы аракет деп баалана турганын кулак какты кылды”.