Түркияда диний эркиндиктер башкы мыйзамда коргоого алынгандыгы белгиленген баяндамада ошондой эле мусулмандар жана башкача конфессиядагы кишилерге каршы жогорку окуу жайлары менен мамлекеттик мекемелерде айрым чектөөлөр улантылып жатканы бышыкталды. Баяндаманын Түркияга арналган бөлүмүндө коомдо жалпысынан диндер аралык сабырдуулук бар экени жана бул дин эркиндиктерине өзүнүн үзүрдүү үлүшүн кошуп жатканы билдирилген. Ошону менен катар өлкөдө лаиктиктин мааниси, диндин коомдогу орду жана исламчыл катмардын таасири тууралуу абдан кычкылдуу талаш-тартыштар уланып жатканына да көңүл бурулган. Өз диндерин жайылтууда айрым конфессиялык топтор тоскоолдуктарга жана кысымчылыка туш келип жатышкандыгы белгиленген мамдепартаменттин баяндамасында ошондой эле аялдардын турбан аталган жоолук тагынуу маселесине шилтеме жасалып, мамлекеттик мекемелер жана университеттерде диний кийим кечек тууралуу катуу чектөө улантылып жатканы да айтылат. Элдин исламчылар деп аталган катмары секулярист топтор тарабынан жоолукту саясий символ катары колдонгондугу үчүн айыпталып жатышкандыгы да баса белгиленген.
Түркияда радикалдуу исламчыл топтордун еврейлерге каршы антисемиттик маанайдагы мамилеси сакталып кала бергени бышыкталган мамдепартаменттин отчетунда, ислам дининен чыгып башка бир динге чокунушту каалагандар туугандары жана кошуналары тарабынан социалдык кысымчылык жана зомбулук аракеттерге туш келип жатканы баяндалган. 99 пайыз бөлүгү мусулман болгон Түркияда 65 миң армиян ортодокс; 23 миң еврей жана 2500 азыраак грек ортодокс конфессиясындагы адамдар жашаганына дыкат көнүл бурулуп, баяндамада бул өлкөдө 1100 чамасындагы машаякчы миссионерлер өз диндерин таратыш үчүн иштеп жатканы көрсөтүлгөн.
Өткөн жылы Карадеңиз жээгиндеги Трабзон калаасында католик молдо Андреа Санторинин чиркөөдө адам колдуу болгон окуясы эске алынып, отчетто Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган менен бир катарда бардык өкмөт чөйрөлөрү ал башкесерликти кескин түрдө айыптап чыгышкандыгына көңүл бурулган. Айта кетсек, Түркияда Мустафа Кемал Ататүрк пайдубалын салган секулярдуу-лаик система боюнча дин менен мамлекет иштери бүтүндөй бири биринен ажыратылган. Динге ишенип-ишенбөө эркиндиктери, өз динин жайыш үйүн ар кандай миссионердик иш-аракеттери башкы мыйзамда кепилдике алынган.
Ошондой болсо дагы, 99 пайызы мусулман болгон Түркияда суннилер үстөмдүк кылат. Диний мазмунда берүүлөр уюуштурган далай сыналгы каналдары көптөгөн жылдардан бери эч кандай тоскоолдуксуз өз иштерин алып барышууда жана мусулмандардын азчылыктагы Алави аталган сектанты да кийинки жылдарда Евробиримдике мүчө болуу жараянынын шарапаты менен бир топ эркиндиктерге жетишти. Бирок мамдепартаменттин кийинки отчетунда жазылгандай, бул тарыкага караштуу түрктөрдүн “Жемеви” аталган мечиттери жетишсиз жана алевилердин балдарына мектептерде көпчүлүктөгү суннилердин дин сабактарын бирге окушка туура келүүдө.