Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 07:28

МИРОСЛАВ НИЯЗОВ: БИЙЛИК МЕНЕН ОППОЗИЦИЯНЫН ӨЗ МАКСАТЫ БОЛУУГА ТИЙИШ


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек “Азаттыктын” таңкы уктурууларындагы түз байланышта уюштурулган бүгүнкү аңгемелешүүдө коомдук-саясий ишмер, Кыргызстандын Тажикстандагы мурдагы элчиси Мирослав Ниязов менен кыргыз-тажик мамилеси, бийлик менен оппозициянын кызматташуусу тууралуу сөз болду.

-Мирослав мырза, Тажикстан президентинин Кыргызстанга расмий сапарында эки тараптуу төрт документ кабыл алынды. Алардын катарында маданий, агроөнөр жай жана миграция жаатындагы кызматташтык боюнча макулдашуулар бар. Булардын кайсынысы Кыргызстан үчүн маанилүү?


-Булардын баары эле маанилүү. Бирок алардын ичинен өзгөчө орунду гидроэнергетика тармагы алып жатат. Анткени Кыргызстан менен Тажикстандын мүмкүнчүлүктөрү бүгүн Борбор Азияны суу менен 90% камсыз кылат. Эки өлкөнүн тең гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгү өтө чоң. Мисалы: Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү: 162 млрд кВт саатына иштетсе болот. Ал эми Тажикстандын мүмкүнчүлүгү 520 млрд кВт саат. Арифметика менен санап көргөндө эле Кыргызстан 1 центтен сатканда да 1 млрд 620 млн доллар алышыбыз керек. Биз болсо бүгүн элибизге 1 кВт саат энергетиканы 2 центтен сатып атабыз.
Эки мүмкүнчүлүктү кошсок, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда энергетикалык айлана курсак, биздин мүмкүнчүлүк 7 млдр кВт саатка чыгат.


-Кыргыз-тажик чегарасы көйгөйлүү маселеге айланып баратат. Адистер тажик тараптан жылма экспансия болуп жатканын айтышууда. Ал эми кечээ президенттер Имомали Рахмон менен Курманбек Бакиев кол койгон биргелешкен билдирүүдө тараптар чегараларды иретке келтирүүнү ырааттуу жана тынымсыз сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүнү макулдашты. Мындай жол менен чегара маселесин чечүүгө жетише алабызбы?

-Менин оюмча, эки жак тең бул маселелерди комплекстүү түрдө чечсе оңой болот эле. Бизде көйгөйлөр көп, убакытты да көп талап кылат. Бирок ошол сууну да, чегараны да, жарандык маселелерди комплекстүү түрдө чечилгенде анын чечилиши көзгө көрүнүп турат эле. Айрым-айрым чечкенде бизге бир аз кыйыныраак болуп калат. Ошондуктан, эки тараптан бир жумушчу топ түзүп, момундай көрүнүп турган чоң маселелерди биргелешип иштеп, чечсе, тезирээк чечилмек. Мен ошентип ойлойм.

-Кечиресиз саясий маанидеги кошумча суроо: “Бириккен фронттун” штаб башчысы, Феликс Куловдун оң колу деп эсептелген Өмүрбек Субаналиевдин мамлекеттик кызматка дайындалышын айрым саясатчылар оппозициянын ичине жик салуу менен байланыштырып жатышат. Учурунда сиз да оппозицияда жүрүп, элчилик кызматка кеткен элеңиз. Оппозициядан бийлик тарапка өтүүнүн түбүндө кандай максат жатуусу мүмкүн? Элдин, мамлекеттин кызыкчылыгыбы же..?

-Ар бир мамлекетте бир максат болот. Ошол максатка жараша кадрларды тандаш керек. Бүгүн максат жок болуп жаткандыктан, оппозициянын да күчү, максаты жок болгондуктан, оппозициядан бийликке келип атышат. Бийликтин да күчү жок, ошондуктан, оппозиция менен ойноп атат. Эки жактын тең максаты күчтүү болмоюнча бири-бирине сатыла берүү улана берет.

-Мирослав мырза, сизге чоң ырахмат, бизге маек куруп бергениңиз үчүн.

XS
SM
MD
LG