Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:28

Иран президентинин Нью-Йорктогу мурда эгиз мунаралар турган жерге баруу өтүнүчү четке кагылды


Полиция ага 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдан кыйроого кабылган мунаралардын ордунда курулуш иштери жүрүп жатканы себеп болгонун билдирди. Президент Махмуд Ахмадинежад БУУнун башкы ассамблеясынын жыйынында эмки жумада сөз сүйлөмөкчү. Иран менен АКШнын ортосунда 1979-жылдан бери дипломатиялык байланыштар үзүлгөн. Вашингтон Тегеранды Ирактагы шиит согушкерлерин колдойт жана өзөктүк курал жасоого ниеттенет деп айыптап келет.

 

XS
SM
MD
LG