Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:01

20:10 Кыргыз өкмөтү Таласка 200 тонна арзан баада ун бөлүп берди


Ундун баасы Таластын соода түйүнлөрүндө 50 килограммдык бир кап ун 1300 сомдон сатылып, бир килограммы 26 сомдон айланууда. Ал эми өкмөттөн бөлүнгөн бир кап ундун баасы 700 сомдон болуп, килограммы 14 сомдон берилгенин бүгүн губернатордун биринчи орунбасары Акбаралы Карабаев акимдер менен болгон жыйында айтты. Карабаев райондун башчыларына Талас дан азыктан унду калк тургундарына арзан баада жеткирип берүүлөрүн талап кылды. Акимдер унду алып кетүүдөгү транспорттук чыгымдар тууралу ар кандай суроолорду беришти. Акбаралы Карабаев эң негизги максат элге унду арзан баада жеткирүү деп жооп берди. (UA)

XS
SM
MD
LG