Учурда Нарын облусунун айрым аймактарында жылкылар жөткүргөн дартка кабылышууда. Ветеринардык адситер бул илдетти жылкынын сасык тумоосу деп билдиришип, мал ээлерине бицилин аттуу антибиотикти пайдаланууга жана жылкыларды арча менен аластоого кеңеш беришүүдө. Бирок Нарын районундагы Акбулуң айылынан эки жылкынын талааларда өлүмгө учурашы тууралу жеригиликтүү тургун Нурлан Нуралиев Азаттыкка маалымдады. Ал эми чыгыш аймактык мамлекеттик ветеринария башкармалыгынын акиминин орунбасары Замир Кемелбеков расмий түрдө жылкылар сасык тумоодон өлгөндүктөрү тууралу маалымат түшө электигин билдирди. (KUs)