Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 13:22

АЙЫЛ ЧАРБАСЫН КООПЕРАЦИЯЛАШТЫРУУ ЗАРЫЛ


Жумушчу күчтөрүнүн көбү Орусия, Казакстан сыяктуу мамлекеттерге иш издеп кеткендиктен соңку жылдары айыл чарбасына жумушчу күчтөрү жетишсиз болууда. Андыктан да айыл чарбасын кооперациялаштыруу зарыл деп эсептегендер арбын. Ошол эле кезде мамлекеттик камкордук, кызыктыруу болмоюн кооперацияларды уюштуруу мүмкүн эместигин айтышууда.

Кыргызстандын жумушчу күчтөрү жетишпей калган кездери айрыкча чегара райондорунда Өзбекстан менен Тажикстандын жумушчу күчтөрүн кеңири пайдаланып келишкен. Өткөн жылдын соңунан баштап аларда да чет өлкөлөргө эмгек миграциясы башталып, жумушчу күчтөрү ал тургай өздөрүнө жетишпей турат. Кыргызстандан сыртка кеткен эмгек мигранттарынын бир катарынын үлүш жерлери болсо иштетилбей жөн эле жаткандыгы каттоого алынган. Жумушчу күчүнүн жетишсиздигинен иштетилген жерлердин түшүмдөрү да соңку мезгилдерде жыйналбай калып кеткен учурлар арбып барат.

Кызылкыядагы “Агропласт” консерва заводунун деректири Бердигул Абдыбаитов ушундай жагдайлардан улам айыл чарбасын кооперациялаштырууну номур биринчи маселе катары көрөт:

- Кооперация – келечектеги эң башкы маселе болуп калды. Эгер кооперацияга барбасак Кыргызстандын жери пайдасыз бойдон эле кала берет.

Бердигул Абдыбаитов жамааттык чарбалар тараганына 15 жылдан ашык убакыт өтсө да кайра аны учур талабына ылайыктап түзүүгө ишеним жоктугуна таң калды.

Бишкек шаар тургуну, айыл чарба адиси Амангелди Абдрахманов кооперацияга ишеним жаратыш үчүн элге-журтка тажрыйба катары көрсөтө турган айрым бир кооперативдик чарбаларды мамлекет менен жеке менчик чогуулап туруп уюштуруш керек деп эсептейт.

Ал эми айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министринин орунбасары Ахмаджан Махамадов кооперацияны уюштурууга мамлекеттик деңгээлдеги колдоо керектигин, Кыргызстан ошого жетише албай жаткандыгын, жакында деле жетише бербестигин өкүнүч менен белгиледи.

Ахмаджан Махамадов жамааттык чарбалардын – кооперативдердин артыкчылыгын мындан көрөт:

- Биригип иштебесек, жерди бириктирбесек – айыл чарбасын өнүктүрүш кыйын окшойт. Мисалы, 50 сотук жерге жер семирткич, үрөн алгандан көрө 5 гектар жерге алыш алда канча арзан түшөт эмеспи. Техниканы иштетиш да, түшүмдү сатыш да натыйжалуу. Суу талаш азыраак болот. Бирок “Кооперация жөнүндөгү” мыйзамда кооперацияга кирүү ыктыярдуу түрдө жүргүзүлсүн деп көрсөтүлгөн. 20-30-жылдарда зордуктап бириктирген да. Адам укугу катуу бузулган. Азыр заман башка.

Эгер ошол элдик ыктыярдуулук болбой, айыл чарба кооперативдери уюшпай калган күндө да – жерди азыркындай баарысы эмес, жерди чыныгы дыйкан гана иштетиш керек деп эсептешет адистер. Калган жер ээлери дивиденд катары гана өз үлүштөрүн алып туруусу шарт. Алардын айтуусунда, бара-бара жердин баарын дыйкан гана сатып алышы керек. Чыныгы дыйкандын гана жерге ээ болуп, жер иштетиши мамлекет жана жалпы эл үчүн алда канча пайдалуу.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG