- Сиз буга чейин айыл чарбасын депутат, комитеттин төрагасы катары билип келсеңиз, эми бир нече айдан бери бул тармакты жетектеп, ичине үңүлүп көрүп келатасыз. Бизде өтө актуалдуу болуп келаткан өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого кудурет, мүмкүнчүлүк жетиштүү бекен?
- Бизде кудурет, мүмкүнчүлүк жетиштүү. Бирок көп жылдан бери айыл чарбасында мамлекет тарабынан туура саясат болбогондуктан ушул акыбалга келдик. Азыр көрүп атасыздар, президент да, премьер министр да өтө көңүл буруп атышат. Президент өзүнүн кайрылуусунда айтты, айыл чарбасына азыр каражаттар бөлүнүп атат. Азыр дан маселеси болуп атпайбы, биз программа кабыл алдык дан боюнча. Өкмөт 750 млн. каражат бөлдү эле, 150 миллионго күздүк жана жаздык үрөн алып коелу деп жатабыз. 600 миллиону сырттан дан сатып келгенге жумшалат. Жогорку Кеңеш кечээ бул мыйзамды бекитип берди. Буюрса президент кол койсо бул боюнча иштер кетет.
- Ушул чечим, 600 млн. сом менен бизде баалардын өсүшүн токтотууга кудурет жетеби. Себеби бир кап ун 2000 сом, бир литр май 100 сом болуп элдин кабатырлыгын пайда кылып, буудай таңсык болот деген дагы пикирлер айтылып атат. Бул качалык чындыкка жакын. 600 млн. сом канчалык баалардын өсүшүн токтото алат?
- Баанын өсүшү бир эле Кыргызстанда эмес, бүткүл дүйнөдө болуп атат. Азыр ушул бааны кармап калыш маселе болуп атат. Премьер-министр азыр Россияга барып алардын премьер-министри менен жолугуп атат, ушул маселе боюнча да сүйлөшүүлөр болот. Ушул каражатка Казакстанбы, же Орусиябы, кайсы жерден арзаныраак болсо ошону сатып алганга мүмкүнчүлүк болот. Бул боюнча чаралар көрүлүп атат. Дан калбай калат, жок болуп кетет деген бул туура эмес саясат болсо керек. Эч качан жоголбойт, сөзсүз болот жетишээрлик. Бирок маселе ошонун баасын кармап калышта болуп атат. Бул боюнча өкмөт иштеп атат.
- Сооронбай мырза, түштүк жакта өзгөчө коопсуздануулар айтылып атат, Өзбекстанга бардык нерселер ташылып жатат деген. Канчалык чындыгы бар. Чегараны жапканга болобу?
- Бул боюнча фактылар бар, жок эмес. Биздин өзүбүздүн кыргыз жигиттер чегарада туруп алып, бир нерсеге азгырылып өткөрүп атышат. Азыр президент да, премьер-министр да катуу талап коюп атат буга.
- Келээрки жылга кандай сунуш болуп жатат дыйкандарга. Бизде канчалык буудай көбүрөөк эгилип азыркы акыбал кайталанбашка мүмкүнчүлүк болот?
- Былтыр күздүк себүү 230 миң болсо, быйыл 307 миң гектарга чыгарыш боюнча өкмөт июнь айында программа кабыл алганбыз. Үрөн менен камсыз кылганга каражат бөлүндү. Буюрса эл деле түшүнүп калды, буудайдын баасы да көтөрүлүп калды. Быйыл ошол жетсе керек, губернаторлор, акимдер болуп иштеп атабыз.
- Элдин эсин оодарып жаткан дагы бир маселе бул мал ылаңы. Ушуга кандай чаралар көрүлүп атат, малдын саламаттыгы сакталабы?
- Бул боюнча азыр биз менчик ветеринардык сервистерди киргизгенге каражат табылды. Буюрса айыл өкмөттөргө жок дегенде экиден менчик ветеринардык сервистерге шарт түзөбүз 2008-жылдан баштап. Мамлекеттик ветеринардык структурада реформа болот, бул боюнча турбайт, жылыш болот. Аны камсыз кылганга аракет кылабыз.
- Маегиңизге чоң ырахмат.