Анда бул шериктештикке мүчө мамлекет башчылары уюмдун алкагындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган 15 чакты документ кабыл алышты. Бул уюмдун келерки жылдагы жыйыны болсо Москвада өтө турган болду. Евразия экономикалык шериктештигине Орусия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан мүчө. Мындан сырткары Молдова менен Армения уюмда байкоочу макамга ээ.(SM)