Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:50

15:30 Дин иштер боюнча агенттик ажылык сапарды уюштуруу камылгасын көрүп жатат


Бул тууралуу “Азтттыкка” аталган агенттиктин башчысынын орун басары Канатбек Мурзахалилов билдирди. Быйыл Меккеге ажылык сапарга барыш үчүн бир адамга 1800 АКШ доллар талап кылынат. Мындай эсепти өкмөт алдындагы дин иштер агенттиги Кыргызстан мусулмандар башкармалыгы менен бирге чыгарган жана ал Меккеге ажылык сапарды уюштуруу боюнча сынактан жеңип алган он жети туристтик уюм менен макулдашылган. Кыргызстан менен Сауд Арапстандын ажылык иштери боюнча министрлиги ортосунда түзүлгөн келишим боюнча быйыл төрт жарым миң киши ажылыкка Меккеге бара алат. Ажыга бара турган адамдардын тизмеси 25-октябрга чейин такталмакчы. (EBM)

 

XS
SM
MD
LG