Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:11

САРКОЗИ МЕНЕН ПУТИН ДОСТОШТУБУ?


Франциянын президенти Никола Саркози 11-октябрда Москвада орус президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү жүргүздү. Кремлдеги жолугушууга чейин Саркози Ирандын ядролук программасы жана Косовонун келечеги боюнча Путин менен айрым мунасага жетишкенин айткан эле.

Саркози өткөн аптада "Орусия дүйнөлүк иштерди татаалдантып жатат" деген эле. Бул билдирүү анын Путин менен алакасына суу сепкендей болгон. Бирок Орусияга Франциянын президенти катары алгачкы жолу келишинде Саркозинин орус президенти менен элдешүүгө дилгир экендиги байкалды. Шаршембиде Кремлдеги сүйлөшүүдөгү ачылыш сөзүндө ал Путинге эски тааныштарча "сен" деп кайрылды. Мунун алдыңкы күнү эки президент сый тамак үстүндө көздөшкөн эле. Ал сүйлөшүүнү Саркози "өтө жылуу маанайда өттү" деген.

Бул күнү орус лидери да жылуу-жумшак сүйлөдү:
-Франция ар дайым биздин Европадагы жана дүйнөдөгү негизги шериктерибиздин бири болгон. Бул жылуу мамилелер келечекте да сакталып калат деп үмүттөнөм. Биздин алакалар ийгиликтүү өнүгүп жатат. Биз эң жогорку деңгээлде такай байланышып турабыз. Орток соода да өсүп жатат,-
деди Путин.

Шаршембиде Москванын Мамлекеттик Техникалык университетте сүйлөгөн сөзүндө Саркози Орусиянын адам укуктарына мамилесин астыртан сындап өттү. Ал "Орусия демократиялык коом курса, дүйнө ыраазы болот эле" деп айтты.

Эки президент Ирандын ядролук программасы жана Сербиянын сеператисттик Косово провинциясы сыяктуу эл аралык орчундуу көйгөйлөрдө карама-каршы позициядан чыгып келишкен. Бирок Москвада Саркози алардын турумдары жакындаша баштаганын бышыктады.

Орусия Франциянын жана башка батыш өлкөлөрүнүн Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизүү сунушуна каршы. Сербиянын жакын ымалашы болгон Орусия ошондой эле Бириккен Улуттар уюмунун Косового эл аралык коомчулуктун көзөмөлү астында өз алдынчалык берүү планын да четке каккан.

Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG