Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

УБАЙЫМ ЧЕКТИРГЕН УН БААСЫ


Айгүл Жунушалиева, Бишкек Азык-түлүктүн, өзгөчө нандын баасы акыркы айларда кыйлага кымбаттап, калкты бушайманга салды. Базарда 1-сорттогу ун мурда 750 сом турса, эми анын баасы 1500 сомго чейин жетүүдө. Нан эле эмес, май, сүт азыктары, кийим–кечек баасы да өстү. Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынан соң, премьер-министр Алмазбек Атамбаев 3 күндөн бери ундун баасы түшүп жатат деп билдирди .

Статистикалык изилдөөлөр боюнча ушул жылдын август айында адамга күнүгө керектелчү азыктардын баасы 1,9 пайызга жогорулаган. Мурдагы жылы ушул айда бул сан 1 пайызга да жеткен эмес. Адистердин айтымында дан азыктарынын кымбаттоосу дүйнөлүк тенденция болуп, буудай АКШ, Европа, Австралияда дагы да жетишээрлик өлчөмдө эмес.

Ал эми түзүлгөн кырдаал Жогорку Кеңеште байма-бай талкууланып, абалды жөнгө салуу тапшырмасын экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги алган. Аталган минстрликтин ошол маалдагы башчысы Сабырбек Молдокулов өткөн жумада көрүлүп жаткан чаралар тууралуу буларды айткан эле:

- Кымбаттоону жөнгө салуу үчүн 20 тоннага чейин сырттан алынып келинген буудайдан кошумча нарк салыгы алынып салынды. Ошондой эле импорттолчу буудай менен унга аталган салыктын өлчөмү 10 пайызга чейин түшүрүү боюнча токтом иштелип жатат.

Бирок, президент Курманбек Бакиев министрдин аракетине канааттанбай, кырдаалды жөнгө сала алган жок деп, 10-октябрда аны кызматтан алган. Ал эми кымбаттоонуу ооздуктоо боюнча учурда эмне иш-аракеттер жасалып жатат, деген суроо менен аталган министрликтин басма сөз катчысы Нурзада Токтогулова буларды айтат:

- Ушул тапта министрлик экономикалык анализ жасап жатат. Бирок ал толугу менен бүтө элек. Биздин адистер мунун үстүндө иштөөдө. Эмки жумада 9 айдын жыйынтыктары боюнча отчет даяр болот, ошондо эмне кылуу керек, айтылат. Азыр эски сандар менен эч нерсе дей албайбыз.

Ал эми өкмөттүн бааларды жөнгө салуу максатында жасаган кадамдарынын алгачкысы 13-сентябрда жасалды. Ал күнү Жогорку Кеңеш буудай жана үрөн алууга бюджетке кошумча 750 миллион сом киргизүү тууралуу токтом кабыл алган. Эми бул каражаттын 600 миллионуна 50 миң тонна буудай сатылып алынаарын өкмөт башчы Аламазбек Атамбаев билдирди. Андан тышкары жакыр делген 300 миң үй бүлөөгө арзан ун берилээрин да кошумчалаган.
Ошентип бийлик кымбаттоону ооздуктоо үчүн бир нече чараларды көрдү. Ал эми бугун кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынан соң, ал кадамдардын натыйжасында 3 күндөн бери ундун баасы тушуп жатат деп билдирди Алмазбек Атамбаев.

- 3 кун мурда бир кап ун 1500 сом болсо, бугун менин жардамчыларым базарга барып, бул баа 1200 сомго түшкөнүн айтып келишти. Ун дагы да арзайндайт. Анткени эмки жумадана тарта жакыр уй-булоолорго арзан ун бериле баштайт.

Алмазбек Атамбаев айткан арзандоонун чын төгүнүн билүү максатында ун алып-сатуучу фирмалардын биринекайрылганыбызда, ун баасы арзандабай эле, өз калыбында турганын билдиришти:

- Жок, баалар баякыдай эле. Биринчи сорттогу бир мүшөк ундун баасы 1400 сомдун тегерегинде. Эмки жумада чалсаныз, балким арзандап калаар.

Дегени менен өкмөт башчы бүгүндөн тарта өсүмдүк майынын импорту эки эсеге жогорулаганын, эми анын да баасы ылдыйлаарын, өлкөдө нан, азык-түлүктүн дефицитине жол берилбесин убада кылды.

XS
SM
MD
LG