Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 09:17

ПУТИН ИРАН МЕНЕН БАТЫШКА «ЧЫНЧЫЛ ДАЛДАЛ» БОЛГУСУ КЕЛЕТ


Орус президенти Владимир Путиндин Тегерандагы сапарына дүйнөлүк басма сөздө көп макалалар,комментариялар,маектер арналды жана аларда ар түрдүү ой-пикирлер,көз караштар айтылды. Бирок авторлор менен баяндамачылардын көбү эки жагдайды – Путиндин Каспийдин алабында аскери күч колдонууга каршы чыкканын жана Иранга колдоо көрсөткөнүн кыйгап өтүшкөн жок.

Тегеранда Каспий регионун аскери ар кандай аракеттерден тышкары турган аймак деп жарыялоо тууралуу Путиндин идеясын саммитке катышкан калган төрт өлкөнүн лидерлери да колдоого алып, бул сунуш корутунду декларацияда бекемделди. Муну айрым баяндамачылар кокус Иранга каршы согуш ачылып калса Азербайжанды АКШ плацдарм катары пайдаланышы мүмкүн деген аңырт кептерге Москванын алдын- ала жасаган реакциясы болду деп баалашты.

Мындан тышкары декларацияда Каспийдин түбү аркылуу куур жаткыруу иши бардык беш өлкөнүн макулдугу менен гана жасалат деп белгиленди. Бул бүтүм кээ бир комментарияларда Борборазиянын газ менен мунайын Россияны кыйгап ташып кетүүнү көздөгөн Батыштын ниетин таш каптырган Москванын кыйды кадамындай сыпатталды.

Акырында Путин Тегеранда президент Махмуд Ахмединежад менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн соң Ирандын “бейпил атомго” ээ болгонго укугу бар экенин ырастады,бирок ядролук куралдарды таркатпоо келишимин кынтыксыз аткарышы керектигин да кошо эскертти. Орус президентинин бул сөздөрүн да айрым авторлор АКШнын короосуна ыргытылган таш деп табышты.

Путиндин Тегеранда жасаган билдирүүлөрүн Вашингтондун ырасмий өкүлдөрү да абайлап комментариялашты. Ак үйдүн басма сөз катчысынын орунбасары Тони Фратто, мисалы, Путиндин сөздөрүн “жакшы саясат” деп гана чектелди. Андан кийинчерээк мамлекеттик департаменттин өкүлү Том Кейси орус президенти өз позициясын таасын-так туюнтканын белгилеп, АКШнын саясаты да ырааттуу болоруна,иран проблемасы дипломатиялык жолдор менен чечилерине ишендирди.

Италиялык гезиттердин биринде жарыяланган маегинде америкалык философ жана жазуучу Бенжамин Барбер көп проблемаларда Путин антиамерикалык саясий багытка түшө баштаганын белгилеп,бул үчүн Батышты айыптады. “Буга аны АКШ,ага кошумча болуп НАТО менен Евросоюз мажбур кылды ,- деп белгилейт Барбер. - Эгер НАТО Россиянын эшигине жакындап барбаганда, Евросоюз орустардын мурдагы жандоочуларын өзүнө мүчө кылып албаганда, Буш Европага АКШнын “космос калканын” орнотууну чечпегенде Путин Батыш менен активдүү кызматташа бермек. Баарыдан да Буш Иракты басып албаганда, Иран сүйлөшүүгө барганга макул болмок”.

Деген менен Путин Тегеранда көп деле утукка жеткен жок. Айрыкча Бушердеги атом станциясын ядролук отун менен камсыз кылуу маселеси чечилген жок. Станцияда биринчи реактор быйыл күздө ишке берилмек, иран тарабы контрактта каралган акысын убагында төлөй албай, Россия реакторго керектүү ядролук отун берүүдөн баш тартты. Бу маселе чечилерине убада бере аласызбы? – деп сураган иран журналисттине Путин: “Кичикий бала кезимде гана апама убада бергеним эсимде. Бүгүнкү сөздөрдүн төркүнүнө келсек, эки тараптын кызматташтыгына Россия менен Ирандын элитасы кандай карайт, бу маселе ошого жараша болот”,- деп жооп берди.

Муну менен Путин Тегеранды жөн жерден эле колдой бербей турганын,андан көрө Иран менен Батыштын ортосунда “чынчыл далдалчы” болуу Россияга алда канча пайдалуу экенин ирандыктардын эсине салды, деп жазды британдык The Guardian гезити.

XS
SM
MD
LG