Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:37

БАКИЕВ НАРЫНДА ЭЛ МЕНЕН ЭМНЕ ЖӨНҮНДӨ СҮЙЛӨШТҮ?


Президент Курманбек Бакиев 17-октябрда Нарын шаарына келип, музыкалуу драма театрында эл менен жолугушту. Облустун ар бир районунан бирден өкүлгө атайын сөз берилип, калоочуларга болсо чектөө коюлду.

Нарын облусунун губернатору Ажыбек Касымалиев облуста мал саны көбөйүп бара жаткандыгын белгиледи:

- Биздин эл жаратылыш шартка байланыштуу негизинен мал чарбачылыгы менен алектенет. Мындан беш жыл мурдагыга салыштырганда мүйүүздү ири мал 9 миң башка, кой-эчки 81 башка, топоз 3 миң башка, үй канаттуулары 30 миң башка өстү.

Бирок мал күндүктүү аймакта мал оорусу күчөгөн. Ал эми ветеринария башкармалыгы Балыкчыда жайгашкан:

- Ветеринария башкармасы регионалдык деп аталып Балыкчыда жайгашып туруусу биз үчүн өтө көп кыйынчылыктарды жаратууда. Ушундай регионалдык 9 мекеме бар. Дегеле регионалдык деп аталгандардын биздин облуска кереги жок деп биздин актив чечип отурат.

Губернатордун мындай пикирине президент мындайча жооп кайтарды:

- Ветеринария деген бул адамдын ден-соолугу, бул адамдын өмүрү. Мен ойлойм ветеринариянын деңгээли саламаттык сактоонун деңгээлинен төмөн болбош керек. Булар бирдей эле каралыш керек. Ал эми импортко келип аткан эт, тооктун баарын ким текшерип атат.

Атбашы районунан келген ишкер Бейшенаалы Нурдинов Бишкек-Торугарт жолунда коррупция тыйыла элек дейт:

- 100 млн. сом Бишкек-Торугарт жолу үчүн мизер. Анын үстүндө коррупция деген сөз бар, андан эч качан кутула элекпиз. 100 млн. сом бөлүп берсеңиз ошонун 70 миллиону да жолго салынбайт.

Бейшенаалы Нурдиновго губернатор Ажыбек Касымалиев кошулду:

- 2-октябрь күнү жүк тартып келе жаткан автоунааларга Нарын шаарына кире бериш жеринде текшерүү жүргүзүлгөң. Тиешелүү документтери болбогондугуна байланыштуу 8 автоунааны Нарындагы бажы терминалынын короосуна комиссия мүчөлөрү акт түзүп киргизип коюшкан. Бирок 15-октябрь күнү комиссия мүчөлөрү терминалга барышканда айрым автомашиналарды чыгарып жиберип ордуна башка машина токтотуп койгону аныкталы. Учурда бул иш укук коргоо органдарына өткөрүлүп берип текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жыйындын жүрүшүндө президент кээ бир сөздөрдү укпай калгандыгын жашырган жок.

Президент Конституциялык реформага чекит коюга убакыт келди деп белгиледи:

- Качанга чейин күтүп отурабыз парламент бизге дагы 1-2 жыл түзүп берет деп. Кантип алганын жакшы билесиздер. Менин башыман өттү мен өзүм жакшы билем. Ошондуктан точка кое турган убакыт келди.

Жыйынга чакырылып ойлорун айта албагандардын бири Кочкор районунан келген Токтобек Исмаилов:

- Кочкор, жумгал, Атбашы райондорунан өкүлдөр келгенбиз, оюбузду билдирип калалы деп. Бул жерден сүйлөгөнгө бизге мүмкүнчүлүк берген жок.

XS
SM
MD
LG