Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

9:30 “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясы үч облуста добуш берүү кечигип башталгандыгын кабарлады


Коалияция жалпы республика боюнча 280 участокко байкоочу койгон. Алардын берген маалыматы боюнча Баткен, Жалалабат жана Ысыккөл облустарынын айрым добуш берүү участоктору эрте мененки саат 6дан кечигип ачылды. Ошондой эле добуш берүүнү ачууга участкалык шайлоо комиссиялары толук катышпагандыгы да кабарланды. Баткен облусунун №72, 76, 77 шайлоо участокторунда комиссия мүчөлөрүнүн толук келбегендигинен улам, добуш берүүгө тиешелүү мыйзамдык иш-чаралар өз убагында бүтүрүлгөн жок. Добуш берүү саат 6:30 да башталды, деп маалымдайт Коалиция.
Ошондой эле Бишкектеги №1111 добуш берүү участогу комиссия мүчөлөрүнүн маалыматы жоктугунан саат 6:00 ачылган жок. Бул тууралуу байкоочулар Акт түзүшүп, Референдум өткөрүү боюнча шаардык комиссияга жолдошкон. “Бул факт Референдум эрте мененки саат 6:00 башталары тууралуу шайлоочулар гана эмес, участкалык комиссиянын мүчөлөрү да маалымдалбагандыгын көрсөтүп турат,”-деп кабарлады “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясы. (ZKo)

XS
SM
MD
LG