Мунун себеби эртең менен айыл тургундары малдарын жайгарып, колдору бошобогондугу менен түшүндүрүлүүдө. Добуш бергендер саат 11ден тарта көбөйө баштаган. “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы Жаркын Ибраева шайлоо участкаларында көз крандысыз байкоочулар аз экенин байкаган. Алар азырынча мыйзам бузуулар боло электигин айтышкан. Нарындагы шайлоо чөлкөмдөргө туура эмес, бир гана түстүү бюллетендер келген. Азыр кабарчыбыз референдум боюнча облусттук комиссиянын төрагасы менен байланышууга аракет кылып, Нарындын канча аймагына туура эмес бюллютендер келген, алардын канчасы алмаштырылган деген маалыматтарды тактап жатат. (EBM)