Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:24

19:05 “Таза шайлоо” ассоциациясынын байкоочулары күч органдары тарабынан күч колдонулгандыгын билдиришүүдө


Аталган ассоциациянын маалымат кызматынын кабарлоосу боюнча өлкөнүн бардык аймактарына жиберилген байкоочулар Референдум учурунда үкөккө пачкалап бюллетень ташталган учурлар болгондугун каттап, Акт түзүүгө аракет жасашкан. Түштөн кийин ассоциациянын байкоочуларына жергиликтүү бийлик, прокуратура жана коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан кысым көрсөтүлө баштаган. Каракол шаарында ассоциациянын байкоочуларын 26 шайлоо участогунан чыгарылган. Участкалык комиссия муну ассоциация тарабынан облустук шайлоо комиссиясына Референдумга көз салуу боюнча арыз жолдобогону менен түшүндүргөн. Мыйзамда болсо андай нерсе каралган эмес. Байкоочулар өз ордуланына БШКнын кийлигишүүсүнөн кийин гана бир канча убакытка кечигип кайтып келишкен, деп маалымдайт “Таза шайлоо” ассоциациясы.
Мындан тышкары ассоциациянын байкоочулары тарабынан Бишкек, Талас жана Каракол шаарларында мыйзам бузуулар болгондугу, буга байланыштуу түзүлгөн актыларга айрым участоктордогу комиссия мүчөлөрү жана төрагалар кол коюудан баш тартышкандыгы айтылат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG