Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:53

Эркин Европа/Азаттык үналгысынын Ирактагы кабарчысы дайынсыз жоголду


Маалыматтарга ылайык, Эркин Европа/Азаттык үналгысынын Ирак кызматынын кабарчысы бүгүн таңга жуук интервью алуу үчүн үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголду. Полиция кабарчынын жанында жүргөн айдоочунун өлүк денесин Багдаддын көчөлөрүнүн биринде тапкан. Эркин Европа/Азаттык үналгысынын президенти Жеффри Гедмин кабарчы жакынкы убакытта табыларына үмүт байларын билдирди:

- Биздин үналгы кесиптешибизди табуунун бардык аракетин жасап жатат. Биз Багдаддын бийлик өкүлдөрү менен кызматташып, жоголгон кабарчынын достору жана үйбүлөсү менен тез-тез байланышып турабыз. Кесиптешибиз аман-эсен табыларына үмүт кылабыз.

Эркин Ирак үналгысы күнүнө 17 саат обого чыгат.

XS
SM
MD
LG