Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:37

НАТО УЮМУ ООГАНСТАНДАГЫ АБАЛДЫ ТАЛКУУЛООДО


Нарын АЙЫП Бүгүн Нидерланддын Нордвийк деген шаарында НАТО уюмуна кирген мамлекеттердин коргоо министрлеринин жыйыны башталууда. Башка маселелердин арасында анда Ооганстандагы абал дагы талкууланат, жыйын алдында болсо АКШ коргоо министри НАТОну катуу сынга алды.

НАТОго мүчө мамлекеттер Ооганстанга 40 миңден ашык аскер жиберген, бирок беш жылдын ичинде өлкөдө толук коопсуздук орной элек. Акыркы мезгилде болсо - 2002-жылы талкаланган Талибан кыймылынын жоокерлери кайрадан баш көтөрүүдө жана аларга каршы ийгиликтүү аракет көрүү үчүн кошумча күч керек деп айтылууда.

Ооганстандагы аскерлердин жетекчилиги - алар өз милдетин аткарууга даяр жана жөндөмдүү, бирок жок дегенде эки кошумча батальон жиберилсе жакшы болоор эле деп жайында билдирген, анткен менен 26 мамлекеттен турган альянс азырынча ал талапты канааттандыра элек.

Уюмдун баш катчысынын орун басары Жон Колстон билдиргенге караганда, Нидерланддагы жыйында дагы бул маселе оң чечилбей тургандай. Украинада кызмат сапар менен жүргөн АКШ коргоо министри Роберт Гейтс уюмдун андай бошоңдугун сынга алды:

"Эки миллионго жакын ар башка аскери бар НАТО уюмуна кирген мемлекеттер Ооганстанга кошумча, анча деле көп эмес, аскер жибере албай жатканы мага жакпайт", - деди Гейтс 22-октябрда Киев шаарынан.

Колстон болсо ошол эле 22-октябрда андай маселе бар экенин моюнга алды жана альянс колунан келгендин баарын жасап жатканын билдирди.

"Ооганстандагы НАТО аскерлеринин жетекчилигинин өз милдетин аткарууга жана аны ийгиликтүү аткарууга мүмкүнчүлүгү бар экени анык. Аны менен катар министрлер ал аскерлердин жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн аларга мүмкүн болушунча толук колдоо көрсөтүүнү каалайт", - деди Колстон.

Ошол эле мезгилде НАТО Ооганстанга кошумча аскер жибермек турсун, алардын санын кыскартышы да мүмкүн. Мисал үчүн, коргоо министрлеринин жыйынын өткөрүп жаткан Нидерланддын өкмөтү азыр Ооганстандагы аскерлеринин кайсы бир бөлүгүн же аларды толугу менен Урузган провинциясынан чыгарып кетиш керекпи деген маселени караштырып жатат. Аскерлери Кандагар провинциясында жайгашкан Канада өкмөтүнө дагы коомчулук катуу басым жасап, аскерлерди чыгарып кетүүнү талап кылууда.

Ошондуктан Ооганстандагы НАТО аскерлери өз милдетин аткаруу максатында ар башка бөлөк жолдорду да издеп жатат. Жергиликтүү Улуттук армия менен Улуттук полиция азыр күчөтүлгөн түрдө машыктырылууда, бирок, эксперттердин пикиринде, алардын чет өлкөлүк аскерлердин ордун басышы үчүн дагы кеминде үч-төрт жыл керек.

Андан тышкары, аларды машыктыргандардын саны дагы жетишсиз деген маалыматтар бар. Азыр Ооганстанда жергиликтүү аскерлер менен полиция машыккан отуздай база бар, алардын ар биринде он бештен отузга чейин инструктор иштейт, бирок, эксперттердин айтымында, ар бир базада кеминде 40-45 машыктыруучу керек.

Аны менен катар ооган өкмөтү азыр Талибандын өтө радикалдуу эмес жетекчилери менен саясий сүйлөшүү жүргүзүү демилгесин дагы көтөрүп жатат. НАТО жетекчилиги болсо - Бириккен Улуттар, Европа Биримдиги. Дүйнөлүк банк жана башка уюмдар менен сүйлөшүп, Ооганстандагы абалды калыбына келтирүүгө аларды көбүрөөк салым кошууга чакырууда.

XS
SM
MD
LG