Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:11

Орусия жана Евробиримдик эскерткич система түзүүнү макулдашты


Орусия жана Евробиримдик мунай жана газ менен камсыздоо үзгүлтүккө учурган кезде эртелеп маалымат берүүчү система түзүүнү макулдашты. Бул тууралуу бүгүн Москвадагы маалымат жыйында орус президенти Владимир Путиндин Еврошаркет боюнча кеңешчиси Сергей Ястржемский билдирди. Кремль бул келишимди кубаттады. Орусия Еврошаркетти энергия менен башкы камсыздоочулардын бири. Мунай жана газды Европага Беларус жана Украина аркылуу өткөн куурлар менен жеткирет. Маселен өткөн кышта Орусия менен Беларус ортосунда баа боюнча чыккан чатак Европаны газ менен камсыздоону үзгүлтүккө учураткан эле.

XS
SM
MD
LG