Бир жарым саатка созулган бул иш чарага укук коргоочулар, журналисттер катышып, Алишер Саиповдун буюртма жол менен өлтүрүлүшүнө кабатырлануусун билдиришти. Журналисттин өлүмүн алдын ала албагандыгы үчүн бийликти сындашты. Акырында маркумга багышталып куран окулду. Акция бүткөнчө Ички иштер министрлигинин темир кашааларында кара тасмалар жана гүлдөр илинип турду. (BuS)